СҮРӨТ- Балдакчан кыз эки инисин жалгыз өзү багат

СҮРӨТ- Балдакчан кыз эки инисин жалгыз өзү багат

Бүгүн эрте менен маршруттук каттам менен келе жатып, сүрөттөгү гүл жасап саткан 3-топтогу майып делген кыздын жарнамасын көрүп калып, менде кызыгуу туулган. Ал кыз менен маектешип, жашоосу, келечек пландары үй-бүлөсү тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттиги сүйлөштү.

Ал кыз Саламат Бактыбек кызы, 21 жашта. Жаш болгонуна карабай, сонун гүлдестелерди жасап, балдак менен өзү жеткирет. 3-топтогу майыптыгынын себеби бир буту санынан кесип салганга туура келген. Анын айтымында апасы каза болгонуна 6 жылдын жүзү болуп калды. Ал эми атасы балдары менен байланышпайт. Бирок ага карабай Саламат эки инисин багып келет.

Анын айтымында апасынан эрте ажырап калгандыктан, гүлдестелери аркылуу адамдарды апаны барктап-сыйлоого үндөөнү көздөйт.

“Шартыма туура келгендиктен, ушул жумушту өркүндөтүп өстүрдүм. Апам үй алууну самап, инилерим менен бир үй-бүлө болуп жашоону каалаган эле. Ошол тилегин орундаткым келет. Буюрса, үй алсам, апамдын буюмдарын көчүрүп келем”,-деп билдирди ал.

Гүл жасап калуу тарыхы тууралуу: “Апама ушундай гүлдү белек кылайын деп баасын сурасам, 4 миң сом деп айткан. Ошол учурда шарт жок болчу. Ошон үчүн жеткиликтүү, арзан болсун, апалар кубансын деген ой менен 8-мартка карата акция уюштуруп, ар бир гүл жасаган материалына гана бааланып, жасаган эмгегим бекер”,-дейт ал өз сөзүндө.

Азыр дүкөн жок болгондуктан, интернеттен гана буйрутма алып иштейт. Келечекте гүл дүкөн ачайын деген жакшы ниеттери бар экендигин айтып берди. Саламат жаш экендигине карабай, иштин көзүн таап, гүлдөрдү гана эмес, гүл салынчу кутуларды да өзү жасайт.

Эгерде сиз да жакындарыңыз үчүн гүлдестелерди белек кылгыңыз келсе, instagram баракчасы жана 0704720898 номуру аркылуу буйрутма бере аласыздар.

Апамды сагындым:/ Отто каттуу сагындым ! Ушул кунумду корсо,жанымда болсо мени колдоп аткан адамдар менен чогу отуруп ырахматын айтса гана’ унун уксам ??? Ийгиликтеримдин коруп жасаган гулдорумду ‘ энелерге жылуулук тартуулап жузуно жылмаю бергеними коруп сыймыктанса мен мн чогу кубанса гана :/ Дагы толук 40 кундон кийин апам мени инилерими жалгыз калтырып биз жок жака кеткенине Алты жыл толот. Ушунча жылдын ичинде бирда журогумго жакын алчу эмесмин озумду алдачумун. «Апам тируу кинолордогудай бир кун алдымча басып келип мен тируумун кызым»- деп кучактап айтат деп кыялданып келгем. Бирок чоноюп акылын толгон сайын тушунот экенсин????? Буйруса 8-март куну апамдын атына коп ыраазычылык’ дуба жеткирейн деген ниетте Акция уюштуруп жатам. Баардык гулдорду оз материалдардын баасына ала аласыздар! Мага менин апама атына арнап жакшы соз ‘ ниеттериниздерди айтып бейпилдик тилеп койсонуздар ошол жетиштуу болот. Канчалык коп эне мага ыраазы болуп дубасын берсе апам созсуз корот деп ишенем. #бишкек #баткен #ош #жалалабад #москва #россия #екатаренбург #якутия #сахалин

Публикация от ФабрикаЦветов (@bin_bin_flowers)

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости