СҮРӨТ-Ак-Суудагы 11 айлык наристе киши колдуу болгонбу?

СҮРӨТ-Ак-Суудагы 11 айлык наристе киши колдуу болгонбу?

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 11 айлык кыз 9-январда ооруканага түшүп, 10-январда чарчап калган.

10-январда милиция кызматына ооруканада 11 айлык кыз чарчап калгандыгы тууралуу маалымат келип түшүп, Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине катталган. Кийин 14-январда наристенин чоң энеси кыз эмнеден улам чарчап калгандыгын себебин тактоо үчүн милицияга арыз жазган.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кыздын оозунун айланасынан, далы тарабынан көк ала тактар байкалган.

Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Ысык-Көл облусунун ИИБнын басма сөз кызматынан Сталбек Усубакунов билдирди.

Маалыматка караганда кыздын апасы 1997-жылы туулган Ж.М. Туркияга иштөө үчүн кеткен. Ал эми кыздын 1983-жылы туулган атасы 2019-жылы оорудан улам каза болуп калган.

Чарчап калган 11 айлык кыздын 3 жаштагы байкеси бар.

Наристенин чоң энесинин айтымында уулу каза болуп калгандан 40 күн өтүп, келин уулун чоң энесине таштап, кызын алып төркүнүнө кеткен.

Кыз небереси-Ясинаны таштап кетишин сураганда уул небересин калтырганына сүйүнүшү керектигин айтышкан.

Чоң эне кыздын денесиндеги көк ала тактардан жана аларга кабар бербей көмүп коюшкандыгынан шек саноодо.

Ал эми наристени апасы ата-энесине багууга таштап кеткен. Таенесинин айтымында Ясина 21:30дарда кыям жеп, кусуп салган. Бир аздан соң кызды жуунтургандан кийин эс-учун жоготуп койгон. Таенеси ошон үчүн “жасалма дем алдыруу жана массаж жасагандыгыбыздан улам көк ала тактар пайда болгон” деген түшүндүрмө берүүдө.

Учурда эки иш бириктирилип, сотко чейинки өндүрүү иши башталды.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости