СҮРӨТ- 2 жаштагы кыздын апасы эмне үчүн кызын түнкү саат 1:30да көчөгө таштап кеткенин айтты

СҮРӨТ- 2 жаштагы кыздын апасы эмне үчүн кызын түнкү саат 1:30да көчөгө таштап кеткенин айтты

29-декабрда түнкү саат 1:30да эки жаштагы кыз Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен табылып, ата-энесине милиция кызматы тарабынан издөө салынган. Кийинчерээк кыздын апасынын өздүгү такталып, Р. Р. аттуу 28 жаштагы Кызыл-Кыянын тургуну экендиги такталган. Бул тууралуу NazarNews.kg маалымат агенттигине Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан Апсатар Тавакалов билдирди.

Анын айтымында аял кармалган учурда мас болгон. “Эмне үчүн кызыңды таштап кетттиң?”,- деген суроого “Ал учурда мас болчумун. Кызым жанымда жүргөн, уктап калган экенмин. Ошол учурда кызым басып кетип, таппай калдым. Кийин селсаяк досторум сени милиция издеп жүрөт дегендеринен улам коркуп, Баткенге качып кеттим”,-деп жооп берген.

Кыздын атасы жок экендиги маалымдалды алдын ала кабарларга караганда 2 жаштагы наристенин апасы тун баласын да балдар үйүнө тапшырып бергендиги аныкталды.

Эскерте кетсек, бөбөк азыркы учурда Гагарин мектебинин жанындагы балдар үйүнө жайгаштырылган, абалы жакшы.

Кыздын ата-энесине каршы «коркунучта калтыруу» беренеси менен иш козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле аларды ата-энелик укугунан ажыратуу үчүн сотко иш өткөрүлгөнү маалыматта айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости