Токон Мамытов көп балалуу эненин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды

Токон Мамытов көп балалуу эненин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранды

Акыйкатчы Токон Мамытов Октябрь райондук сотунун төрагасы Д.Назаровго кайрылып, анын өндүрүшүндө жазык иши каралып жаткан жаран Н.К.га карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүүнү суранды. Бул тууралуу акыйкатчы ЖМКларга билдирди.

Анткени учурда №1 СИЗОдо кармалып жаткан жаран Н.К-нын карамагында төрт кичине баласы бар, алардын улуусу жети жашта, учурда бешинчи баласы менен кош бойлуу.

Өзүнүн сунуштамасына негиздеме катары соттолуучу Н.К КР Жазык кодексинин 204-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмышты жасады деп айыпталууда. Бул беренедеги кылмыштар I категориядагы жазаны карайт, ал 2 жыл 6 ай жаза каралууга жатат, бул ал КР Жазык коддексинин 19-беренесине ылайык анча чоң эмес кылмыштарга кирет.

Андан тышкары, КР Жазык-процесстик кодексинин 116-беренесине ылайык бөгөт коюу чарасын тандоодо 5 жылдан ашык эркинен ажыратылчуларды гана бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрүндө тандалышы керек.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, КР Акыйкатчысы КР Конституциясынын 108-беренесинде каралган ыйгарым укуктарынын негизинде жаран Н.К.га эркиндигинен чектөө менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандоону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости