Ташполот балтабаев, коомдук ишмер: "офицерди атып салам деп догурунганым эсимден кетпейт"

— Мен 3 жыл Украинанын батыш областарында танкист болгом. Кызыктуу окуялар көп эле болгон. Эки окуя эске түшүп жатат. Ужгород шаарында биринчи жолу сейилдеп чыкканда эки кыргыз бала фото аппарат сатып алып, шаардын бир гүл багына барып эстеликке сүрөткө түшүп үйгө жөнөткөнбүз. Кийин көрсөк ал көрүстөн экен. Көрсө, алардын эң кооз, маданий, таза жери көрүстөн болот турбайбы. Экинчиси, күн суук, ызгаар шамалда тулупка оронуп, автоматты кучактап эки саатка ок-дары складына кароолго туруп, вышкада отурган жерде уктап кетиптирмин. Ойгонуп кетип эле карасам кароолдун начальниги (офицер) 100-150 метр аралыкта мени кармаганы келе жаткан экен. «Стой кто идет», деп автоматты кезеп тура калсам

— Эмне мен келатсам кыймылдабайсың дейт. Мен ага кайра догурунуп, дагы бир кадам койсоң атып салам деп, коркутканым эсимде калыптыр. Командир кийин ошонумду айтып күлүп калчу,-дейт коомдук ишмер Ташполот Балтабаев “Факты.kg” гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости