ТАГДЫР: Жашым элүүдөн өткөндө жаш кызды жактырып калдым.

ТАГДЫР: Жашым элүүдөн өткөндө жаш кызды жактырып калдым...

Жашым элүүдөн өтүп калганда жаш кызды жактырып, сүйүү азабына кабылдым. Жумушума байланыштуу ал кыз эшигимди какты. Мен аны көргөндө эле башкача сезимге курчалдым. Анын жумуштары бүткөн соң, калп эле бир нерсеге шылтоолоп, аны түштөнүүгө чакырдым.

Ал дароо эле макул болду. Экөөбүз жөн гана сүйлөшүп отурдук. Ал ансайын мени өзүнө арбап алды. Бир күнү мага байланышып, жардам керек экенин айтты. Мен ушуну эле күтүп тургансып, кубануу менен дароо эле макул болдум. Эмнегедир ал кыз такыр оюман кетпей калды.

Күндө телефонуна түрлүү СМСтерди жөнөтүп турдум… Убакыттын өтүшү менен ал мага СМС жазбоомду суранып, бул үчүн жигити экөө урушкандыгын айтты. А бирок, мен аны оңой эле унута албадым. Жубайым да курбусу экөө ошол кыз менен жазышкандарымды окуп коюптур. Үйдө жаңжал чыкты.

Мен аялыман кечирим сурабастан «ажырашалы» дедим. Бирок ал ыйлап, мени сүйө турганын, кечирерин айтты. Айла жок ошентип урушуп-талашып жатып, акыры аялым менен элдештим. Бирок, берки жаш кызды такыр эле унута албай койдум. Үзүлбөгөн үмүтпү, айтор, эки жылдан бери ошону эле карап, эмне кылып жүргөнүн билип турам. Жакында эле турмушка чыкканын угуп, башыман муздак суу куюп жибергендей эле болдум.

Ага эч нерсе болбогондой, куттуктоо сөздөрүн жаздым. Анткен менен ошол күндөн бери өзүмө келе албай жүрөм. Мындай катуу сүйүп каларымды өзүм деле ойлобоптурмун. Чынын айтсам, кээде туруп аны өзүмө каратуу үчүн дубалатып алууну да ойлодум. Бирок, буга бара албадым.

Кийин уксам, ал мага ошол кезде «жигитим бар» деп калп айтыптыр. Ал башка бала менен таанышып, ошого турмушка чыгыптыр. Азыр бактылуу экен. Канчалык аялыма тартылып, тиги кызды унутууга аракет кылдым, бирок, баары бир жүрөктө жашай берет экен. Не кылсам? Ажыраштырып алсамбы?..

Азим БЕКТУРГАНОВ

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости