ТАГДЫР: Оорунун айынан жашоонун таттуулугун сезген кыздын арманы

ТАГДЫР: Оорунун айынан жашоонун таттуулугун сезген кыздын арманы

Гепатит ооруларынын түрлөрү күч алып, биздин кайдыгерликтин, шалаакылыктын кесепетинен канчалаган адамдарга кан аркылуу дарттар жайылууда. Жөн гана ден соолугу чың болуп жашагысы келген, гепатиттин оор түрүнө чалдыккан кыз төмөндөгүдөй абалын социалдык баракчасына пост кылып жазган.

“Бул дарысыз жашоо жок. Уктасам да, турсам да, жолго чыксам да, сүйүнсөм да, капалансам да… Бир жагынан ыргыткым келет, жаман күндү эстегим келбейт, бирок ал дарыдан ажырай албайм. Себеби, мен бул жашоонун кандай таттуу экенин билдим. Силерге айтарым, өзүңөрдү жакшы карагыла, бир келген жашоодо ойноп-күлүп өткүң келет экен. Бүгүнкү күндү көрүп ызаланам. Мага окшогон оорулуу адамдардын саны көбөйүп кетти. Качан мамлекет бизди ойлойт? Кайран кыргыз элим, ушинтип эле кырылып калабызбы?”

АЙНУРА, Бишкек шаары

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости