Мен 23 жаштамын, жолдошуман 10 жаш кичүүмүн. Кудайга шүгүр, бир балабыз бар. Биз сүйлөшүп жүрүп эле үйлөнгөнбүз. Кыз-жигит болуп жүргөндө көзгө эч нерсе көрүнбөйт окшойт да. Анан ошентип экөөбүз баш коштук. Жа.ы үйлөнгөндө эле баары “мүнөзү жаман. катуурак бол. дешкен. А мен аларды жаман көрүп койгом. “Мага сонун мамиле кылат го” деп.
Үйлөнгөндөн кийин бир ай өткөндө баары башталды. Боюмда бар эле, ичип алып көчөдөн сабады, ары-бери сүйрөйт… Же мага бирөө жардам берсечи? Көрсө, ичкенде көзүнө адам эмес, оюнчуктай эле көрүнүп калат окшойт. Эх, ошентип урушуп-талашып, жарашып жашап жүрөбүз. А урганы токтободу. Таң атканча ичип, үйгө келбей, таң атканда келип сабаган күндөрү болот. Анан эми азыр ичсе эле калтырап, коркуп ыйлап кирем. Ошентип акыркы жолу урган соң үйгө кеттим. Азыр ата-энемдикиндемин, эки жума болду. “Кечирип кой, жашайлы” дейт. Мен жашагым келет. “А баягы күн кайталансачы?” деп корком. Аны аябай сүйөм, жанынан чыккым келбейт. Дааватка барып келген, бирок жыйынтык ошол эле. Көрсө, ал ичкенде эч нерсе билбей калат экен. Соолукканда көгөрүп калган жеримди көрүп таң калат. Бизди жакшы көрөт, бирок, бирок арагын таштай албай койду. Эми корком, өлтүрүп койсочу? “Билбей калыптырмын” десечи? Бирок, күйөөмдү сүйөм…
Айжан К.
Булак: «АЗИЯnews»