Тагдыр. Канат: “Жалгыз бой аял менен жашай коюп жалаага калдым”

Тагдыр. Канат: “Жалгыз бой аял менен жашай коюп жалаага калдым”

Учурда кандайдыр бир кызыкчылыктар менен өзүнөн улуу аялдар менен жашап алган эркектер тууралуу окуяларды көп эле угуп калабыз. Бирок, мунун аягы көп учурда жакшылык менен бүтпөйт эмеспи. Биздин бүгүнкү каарманыбыз дагы жеӊил ойлуулуктун айынан бир аялга жакындаша коюп, акырында анын үйүндө эр сыяктуу жашап калган экен. “Өзүӊөрдөн улуу аялдан алыс болгула!” деп баса белгилеген Канат мырза башынан өткөн окуяларды төмөндөгүдөй баяндап берди.

-“Жаштык-мастык”- деп бекеринен айтылбаптыр… Өзүм студентмин. Мындан эки ай мурун Дордой базарына кийим алганы барган элем. Ошол күндөн баштап жеке турмушумда бурулуш окуя болду. Көйнөк саткан соодагер аял мени менен бир топко чейин сүйлөшүп, акырында телефонунун номерин берип:

—Бүгүн кечинде байланыш! Сени жакшылап коноктойм,-деди көздөрүн жалжылдатып.

—Макул эже,-деп чала-була коштоштум да жашаган жатаканама жөнөдүм.

Бөлмөмө келгенден кийин бир кызыктай абалда болуп эмнегедир дүүлүгүп чыктым. Анан баягы аялдын күлүмсүрөгөн элеси көз алдымдан кетпегендиктен кечтин киришин чыдамсыздык менен күттүм. Акыры ага телефон чалсам:

—Ырас болбодубу… Сенин номериӊди жазып калбаганыма өкүнүп жаттым эле. Эмесе келе бер,-деп жашаган дарегин айтты.

Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жалгыз жашайт экен. Барсам жакшылап тосуп алды. Экөөбүз ашыкча майрамдап отурганда аны кучактап мойнунан жыттаганымды бир билем. Андан кийинкиси эсимде жок… Эртеӊ менен ойгонсом экөөбүз жылаӊач бир төшөктө жаткан экенбиз. Ичимден “болоор иш болгон экен” деп бир сыйра күбүрөнүп алдым. Ошентип ал аялга кантип тартылып, эмне болуп чогуу жашап калганымды азыркы кезге чейин түшүнө албайм. Башында мага жакшы эле мамиле жасачу. Кийинки күндөрү мени эринен бетер башкара баштаганда чыдай албай кетип:

—Мен сиз менен жашагандан тажадым. Бирөөлөр укса эмне дейт?-деп ачык эле айттым.

—Сен менден оӊой эле кутулам деп ойлоп жатасыӊбы? Антсеӊ жаӊылашасыӊ,-деп кекеткенде эч сүйлөбөстөн үйүнөн чыгып кеттим.

Телефон чалса таптакыр трубканы албай койдум. СМС-билдирүү жазып коркутса да жолукпай койдум. Бир күнү кимдир-бирөө чалганынан трубканы ала койсом:

—Мен сага акыркы жолу эскертип жатам! Эгер эртеӊ жолугушууга келбесеӊ таарынба…-деп кыйкырды.

Ошол учурда эмнегедир өзүмчө эле бир нерсеге кыжалат болуп жаттым. Көрсө жаӊылбаптырмын. Тиги аял милицияга “акчамдан тышкары алтын буюмдарымды уурдап кетти” арыз жазган экен.

—Бул жалган айтат… Уурулук кылсам жакшылык көрбөй калайын!-деп каргансам да милиция кызматкерлеринин бирөөсү да ишенбей койду.

Ак жеримден күнөөлөнүп камакта жаткан учурда аябай тепки жедим. Ал аз келгенсип тигил аял менен болгон мамилем тууралуу тааныштарымдын баары угуптур. Окуума барсам группалаштарым билмексен болушса да, эмнегедир мени мазактап жаткандай сезиле берет. Кийин баягы аялдын менин жаштыгымды жөн эле пайдаланып жүргөнүн билдим. Ал мени кетиргиси келбегендиктен ушундай жамандыкка барса керек. Эмнеси болсо да бул окуя мага чоӊ сабак болду. Андыктан мага окшогон бойдокторго айтарым, өзүӊөрдөн улуу аялдардан алыс болгула. Аягында мага окшоп жалаага каласыӊар… Эми эмне демекчимин? Кыскасы, сак болгула!

Нурпайыз ИСАМИДИНОВ

Назар Новости