Үйдө үч бир туугандын ортончусумун. Агам, иним бар. Алар өз түйшүгү менен алек. Ата-энем биз бала кезден ууртап-татып ичимдикке жакын болгондуктан, азыр ойлоп көрсөм башынан ырыстуу тарбия деле албаппыз. Орто мектепти бүткөнүбүзгө сүйүнүп жогорку билимге деле умтулбаптырбыз. Ошентип, бала кезибизден ар кимдин оокатын кылып кара жумушка бышып чоңойдук. Байкем курулушта кыш ташып, мен ашканада идиш жууп, иним унаа жуучу жайда жайы-кышы муздак суу кечип акча таап жаттык. Биздин кыйналганыбызды ата-энем сезчү беле же экөөнүн тең ырыстуу сезимдерин арак жууп кеткенби, айтор, биздин эмне кылып оокат кылып жатканыбыз аларга баары бирдей. Урунуп-беринип иштеп жүргөн күндөрдүн биринде мени ала качып кетишти. Ал жигитти мурда- кийин көргөн эмесмин. Мен иштеген жердеги ашпозчу эженин бир тууган иниси экен. Көшөгөгө сүйрөп киришкенде ал эжени көрүп жүрөм. Алды-артымдан чыгып жалынып, жакшы жерге туш болгонумду кулагыма куюп жатып алып калышты. Бир чети аракеч ата-энеме кайтып баргым келбей, өп-чап турмуштан, таманымдан сыз өтүп, колду какшаткан идиш жуугучтун жумушунан качып отуруп калдым. Жолдошум чын эле жакшы адам экен. Кайнатамдар үйдүн ортончусу деп шаардын четинен жер тилке алып, чакан болсо да үй салып коюшуптур. Шаарга көчүп келип жашап калдык. Жолдошум үстү-башыма жакшы карап иштеткен жок. Эки жылдан кийин уулдуу болдук. Күйөөмдүн мага болгон сый-урматы ушунчалык жакшы эле, төркүнүмө да жардам берип турчу. Каргашалуу кырсык болбогондо азыркы тартып жаткан азаптардын бирин көрбөйт элем дейм.
Күйөөм чет жактан унаа айдап келип сатчу. Теңтуштары менен келе жатып жолдон кырсыкка кабылыптыр. Бет маңдайындагы унаа менен сүзүшүп, менин күйөөм рулда болгондуктан ошол жерден мүрт кетиптир. 19 жашымда жети айлык балам менен кара кийип отуруп калдым. Күйөөмдүн өлүмү менен үйүбүздөгү болгон ырыскыбыз кошо кеткендей болду. Бир жагынан күйөөмдүн күйүтү, экинчи жагынан “кенедей балам менен кантип оокат кылам?” деген санаа мени бат эле жүдөттү. Башында кайын-журтум каралашып жатты, кайнежем ашканадагы азык-түлүгүн ташып ачка калтырган жок. Бирок алардын мойнуна минип отурууга уятым жол бербеди. Уулум 4 жашка чыкканда апама каратып, өзүм жумушка чыкмай болдум. Бул жолу тигүү цехине ишке орноштум. Өмүрү ийне кармап көрбөгөн жаным өздөштүрүп кеткенге чейин жакшы эле жүдөдүм. Бир келген соң биротоло үйрөнүп кетейин деп жанымды оозума тиштеп жүрдүм. Жанымда үтүктө иштеген Кыял аттуу жигит мага жакшы сүйлөп, көңүл буруп калчу. Менин тагдырымдан кабары бар болгон соң “уулуңа ала бар” деп таттуу алып берип, кеч калганда үйгө чейин жеткирип коюп жүрдү. Күйөөмдүн камкордугун, мээримин эстеп тагдыр мага дагы бир бак айтып жаткан экен деп кабыл алдым. Кыялдын биринчи никесинен эки кызы бар экен. Бирок аялы ажырашкандан кийин кыздарын алып жер которуп кеткен экен.
Экөөбүздүн мамилебиз качан, кантип эрди-аялдыкына өткөнүн өзүм деле аңдабай калдым. Нике кыйдырып жашап калдык. Башында үйгө анда-санда келип турса, кийин биротоло кийимин алып көчүп кирди. Бирок турмуш жаңыртканымды төркүнүмө да, кайын-журтума да айткан жокмун. Убакыттын өтүшү менен өздөрү билишер дедим. Үйгө жайгашып, көнүшө баштагандан кийин Кыял “чоң үй салалы, эки жакты тосуп чарбаны оңдойлу” деп көндүрө баштады. Чын эле, буга чейин кара жанымды багам деп жүрүп тегерек-четти тосуп, тиричилик кылуу оюма деле келбептир. Кантсе да эркек эмеспи, эми жашоом оңолот экен деп жакшылыктан үмүт кылдым. Ал деле жакшы акча тапчу, бирок банктан чоң суммадагы насыя алмак болдук. Үйдү кайын-журтум менин наамыма каттатып бергендиктен, кагаз иштеринен кыйынчылык жаралган жок. Айына 17 миң сом төлөмөк болуп, банк менен үч жылга келишим түздүк. Кыял колго акча тиери менен “короп кете электе четинен курулуш материалын ала берели” деп болгон акчаны алып кеткен. Ал күнү кечке келген жок. Телефон чалганымда ар кайсы жерде издеп жүргөнүн айтып жатты. Ал күнү келген жок. Эртеси жумуштан кезигербиз деп күттүм. Телефонуна чалсам өчүк. Анда да жамандыкка ыраа көрбөй аман келишин тилеп жаттым. Ошентип, он күндөн ашуун кабары жок кеткенде алданганымды түшүмдүм. Ойлоп көрсөм мага буга чейин калп айтып келиптир. Цехке менин алдымда эле келип ишке орношкон экен. Ал тууралуу жетекчибиз жарытылуу маалымат айта алган жок. Айылда ата-энем бар дечү. Айткан айылга издеп барсам айылдаштары андай адамды тааныбайт экен.
Экинчи ирет турмуш курам деген ниетим мойнума чоң карыз болуп кала берди. Азыр баламды бакчага берип, эки жумушта иштеп жатам. Таң атпай туруп бир кеңсенин полун жууйм, андан чыгып алып цехке барам. Жумуштагылардын баары мени аяп бир сыйра акча чогултуп жардам беришти. Насыяны төлөп жатканыма 3 айдын жүзү болду. Эмитеден шайым ооп, өзүмө ашыкча тыйын арттыра албай келем. Бул азаптан 3 жылда араң кутулам. Туугандарымдын эч кимиси насыя алганымды билбейт…
Сайрагүл, Бишкек шаары.
Булак: Леди.kg»