ТАГДЫР: “Эгерде сенин муз жүрөгүңдү аз болсо да жылыта алган болсом…”

ТАГДЫР: “Эгерде сенин муз жүрөгүңдү аз болсо да жылыта алган болсом…”

“Тагдыр жолу мен үчүн мынчалык татаал болуп, өзүмдү күнөөлөп, жүрөгүмдү мыкчып отуруп калам деп такыр ойлобоптурмун. Жубайым экөөбүз мындан 20 жыл мурун баш кошконбуз. Тагдыр бизди ары калчады, бери калчады. Бирок турмушубузду бузган жок. Ириде бул үчүн аялыма ыраазымын”,- дейт Анарбек ага.

“БАЛАЛЫК СҮЙҮҮМ»

– Алгачкы арзуу… Мектептеги эң сулуу бийкеч Айшага ашык болбогон айылда бир да бала калган эмес. Оой, канча жолу жүрөгүм мыкчылып, бекинип ыйлаган күндөрүм тамдардын бурчунда калды. Айша бирөөнү да теңине алчу эмес, жактырбаган адамдан кыя тиктеп кутулчу. Бир күнү батынып, сүйүшкөндөр күнүндө ага кат жазганга белсендим. Калем алдым да, чоң баракка аны күнү-түнү аңдыганымды, ар бир жандан кызганганымды, бир күн көрбөй калсам, уктай албаганымдан бери жаздым. Акыркы сапка “мен сени катуу сүйөм, сени эч качан кор кылбайм” деп чекитти балчайта койдум да, терең дем алдым. Классына жетип, кирерим менен Айшага катымды карматтым. Айша мени караган боюнча нес болуп кала берди. Баса, каттын этегине “эгерде сенин муз жүрөгүңдү аз болсо да жылыта алган болсом, жок дегенде мени кылчая карап кой” деп өтүнгөм. Эшикте Айшаны аңдып, терезесин шыкаалап көпкө отурдум. Бир маалда коңшу айылдагы 5-6 бала мени жакалап, мектептин артына сүйрөп кетишти. Көрсө, алар менин Айшага кат бергенимди көрүп калышыптыр. Алардын башчысы Тынчтык деген менден 4 жаш улуу бала эле.

– Энеңди, Айшанын жанына бир карыш жакындап көр, ата-энең талаадан сөөгүңдү чогултат,- деп мени тепкилеп, кетип калышты. Мектептин жанына окуучулар бат эле чогула калышты. Алардын арасынан Айшанын да карааны көрүндү, кантип турганымды билбейм, бутум шалак дей түштү. Көрсө, Тынчтык бутума арматура менен чапканда сөөгү сынып кетиптир. Ошентип, ооруканага жатып калдым.

“КАНАТЫ ЖОК БҮРКҮТТӨЙ УЧА АЛБАДЫМ”

– Эмнегедир ушул окуя экөөбүздү жакындатты. Анда-санда ооруканага келип, ал-абалымды сурап кетчү болду. Акыры өжөрлүгүм никебиздин кыйылышына алып келди. Кыялым орундалып, менден өткөн бактылуу адам жок болуп жүрдүм. Мен жалгыз уул болгондуктан, Айшаны ата-энем өз кызындай жакшы көрүшчү. Жубайым кош бойлуу учурда аскерге кетүүгө аргасыз болдум. Эки айда бир келип, күнөөсүз аруу жандай жылмайып, жашоомо бакыт тартуулап турду. Көп өтпөй сүйүктүүм уулдуу болгонубузду сүйүнчүлөдү. Алгачкы махабатым, тун балам… Бакыттын даамын татпай жатып кайгыга малындым. Биз күткөн наристенин өмүрү кыска болду. Тагдырдын таш боордугуна кайыл болуп кала бердик. Аскерден кайтып келдим, жашоом мурунку нугуна түштү. Арадан айлар, жылдар да өтө берди. А биз баланын жытына зар болуп жүрдүк. Кыйын деген доктурлардын кабылдамаларын айланчыктап, канча күн өткөрдүк?! Бири “балалуу боло аласыңар”, бири “жок” деп башыбыз деле айланып калды. Өмүр өтө берет экен, жашоо-турмушубузду оңоп, жеке бизнес ачууга да үлгүрдүм. Элден кем кылбай кийимин кийимдей, алтынын алтындай алып берип жаттым. Мен муну милдет кылбайм. Мындай жол менен мен аны эч нерсеге кор кылбайм деген убадамды орундаттым. А бирок дале балалуу болбой жүрдүк. Кайгыдан улам кээде ичип, аны сөгүп коймой адатым пайда боло баштады. А бирок сүйчүмүн, дале чексиз сүйөм. Эч бир жылыш болбоду. Анан бир күнү тааныштарым аркылуу көлгө эс алганы бир кыйын немис акушер-гинеколог келерин угуп калдым. Дароо эле ал адам менен жолугуштум. Аты Жон экен, ал көйгөйүмдү угуп, Айшаны көргөнгө макул болду.

«АТАЛЫК БАКЫТТАН АЙРЫП…»

Бир сааттын ичинде Айшаны да, мени да көргөнгө үлгүрдү. Көрсө, бир жыл мурун Айшанын боюна бүтүптүр. Бирок ал боюнан алдырткан имиш, ошондон улам төрөй албай калыптыр. Айшадан өмүрү мындайды күткөн эмес элем, бул жоругу абдан капалантты.

– Айша, сага баланын кереги жокпу?! Эмнеге мындай кадамга бардың?! Жок дегенде мага бир ооз айтпайт белең?

– Мен корктум, төрөт мен үчүн өтө эле коркунучтуу нерсеге айланган, мени күнөөлөбө!- деп актана баштады. А бирок мен Айшаны күнөөлөдүм, ал деле сезип турду. Балалуу болбой калам деп ойлобопмун, же айтсачы… Эмне кылам? Тагдырыма кайыл болуп кала бердим. Кайгыдан Айшанын баягы мөлтүрөгөн сулуулугу соолуп бараткан гүлдү элестете баштады. Ишенесиңерби, акырындык менен баарынын тең кереги жок болуп калды. Бала болбосо, байлыктын кереги эмне? Чогултканың кимге калат? Ушундан улам Айша экөөбүздүн уруш-талашыбыз да күн санап көбөйө берди. “Жашабайм, кетем” деген сөздөрдү айтмай Айшанын көнүмүш адатына айланды. Бир күнү Айша: – Мен өзүмдү өмүр бою күнөөлөп жашай албайм, мени кечир. Сен сөзсүз балалуу да, бактылуу да болосуң…

– Мен сени кантип коё берем? Сенсиз жашоонун эмне кызыгы бар?!- деп тизелеп отуруп алдым. Ортобуздагы ысык сүйүүбүз тарай баштагандай сезилди. Мен деле, чынында, бала жок кыйналып кеттим, сүйүктүүңдөн балалуу болгуң келет да. Бир күнү сейил бак жактан өтүп баратып, кичинекей балдар үйүлүп ойноп жатканын көрдүм. Билбейм, эмнегедир ал балакайлардын жанына баргым келди. Балким, алардын арасында менин да балам ойношун ушунчалык каалап жаткандыктанбы… Жараткандын каары мага түштүбү? Канаты сынган бүркүттөй уча албадым… Кыйналдым. Күндөрдүн биринде көптөн бери көрө элек досумдун үйүнө кайрылдым. Алар ал учурда 4 балалуу болуп калган эле. Досум менен эшикте сүйлөшүп отурдук.

– Качан анан? Жүрө бересиңерби, эртерээк балалуу болбойсуңарбы?- деп ал карт жарамды сыйрыды…

“ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ АКЫРЫ АКТАЛДЫ”

– Бир айга жетпей досум телефон чалып калды. Анын айтымында, короосуна кичинекей баланы таштап кетишиптир. “Мага кел, сүйлөшөлү” дегенинен дароо эле досумдун үйүнө жөнөдүм. Босогону аттаганда эле наристенин ыңаалаганы кулагыма ушунчалык жагымдуу угулду. Досум колундагы балканактай баланы мага кармата салып: – Бул баланы багып ал. Айшага “бирөөдөн балалуу болдум. Экөөбүз багып алалы” деп алда. Ал сени сүйөт, макул болот,- деди. Бири-бирибизди күнөөлөп жашоого бөгөт коюу керек экендигин гана түшүндүм. Эмне кыларымды билбей, баланы бек кучактап Айшага келдим. Башымдагы миң суроого бир да жооп табылбады. Эшиктин коңгуроосун басып, баланы бекем кучактап турдум. Айша эшикти ачып, мени караган бойдон катып калды. Албетте, ал менден мындайды өмүрү күткөн эмес. Айшанын көз карашы мага түшүнүксүз, бейтааныш. Залга кирип, унчукпай отурдук. Ал тынчтыкты наристенин ойгонгону бузду. Эки жакта ыйлаган жүрөктү наристенин ыңаалаган үнү кайрадан кошту десем да болчудай. Айша чуркап, эмне кыларын билбей калды. Экөөбүз наристени соорото албай айлабыз кетти. Баланын курсагын тойгузуп, жалаягын алмаштыргандан кийин мемиреп уйкуга кетти. Ошондо Айшага баарын түшүндүргөнгө аракеттендим.

– Айша, мен мындай болорун күткөн эмесмин, бул баланын энесин бир эле жолу көргөм. Ооба, чогуу болгонбуз, мени кечир, мен бул баланын атасымын, сен энеси боло аласың. Сен түшүнөсүң баарын, мен сага ишенем.

– Бала төрөп бербесем да, сенин балаңа эне боло алат болушум керек,- деген бойдон бөлмөдөн чыгып кетти. Сүйүүбүз өчүп бара жатканда наристе биздин караңгы жашообузга жарык бергендей сезилди. Тийиштүү документтердин баарын чогултуп, балабыздын атын Ислам койдук. Ошентип, Айша экөөбүз ата-эне болуп калдык. Быйыл балабыз 1-класска барат, апасынын артынан калбайт. Айша да Исламды өз баласындай көрөт. Бирок жубайым тааныбаган эле бирөөнүн баласын тарбиялап жатканыбызды дале билбейт. Ислам – Айша экөөбүздүн жыргалыбыз, бактыбыз. Жараткандын буйругу ушул экен деп жашап келдик. Уулубуз чоңойгон сайын кылык-жоруктары, жүрүш-турушу өзүбүзгө окшоп барат. Исламдын «качан бөбөк алып келесиңер?» деген суранычын Жараткандын кулагы чалгандай, бизди дагы бир жолу ата-эне болуу бактысына бөлөдү. Жакында эле жубайымдын боюнда бар экенин билдик. Күнүгө эле башы айланып, көңүлү айныганынан доктурга алып барсам, “аялыңыздын боюнда бар экен го, түйүлдүккө төрт ай болуптур, эмнеге ушуга чейин доктурга көрүнбөй жүрөсүңөр?” деген уруш жедик. Азыр кубанычым койнума батпай жүргөн кез. Көшөгө артындагы сыр бизге дагы бир бакыт алып келди.

Мальвина Уметбекова

Назар Новости