Эгерде жети атаңдын бири каргышка калса ал жети муунга чейин жетет деген кепти кыргыз эли бекеринен айтпайт экен. Мурда мындай кепти кулагым чалганы менен тереңдеп маани берген эмесмин. Бирок акыркы учурларда бул биздин турмушубузга аралашып, уламдан улам бир туугандарымдын саны азайып, өз ажалынан эмес, башка бир жолдор менен жарык жашоону таштап кетип жатканы мени ойго салып, өкүткө калтырчу болду. Бала кезимде атамдардын отуруп алып сүйлөшкөн кептерин кулагым чалып калчу. Ата-энем тыным албай эмгектенип, кара жандарын карч урса дагы башкаларга окшоп бутунан туруп, же жетиштүү жашоого ээ боло алышпады. Ар дайым кыйналып жашап келдик. Апам байкуш алты кыз, төрт уулду жарыкка алып келип, «Баатыр эне» атыккан. Атамдан өмүр бою таяк жеп чекеси жылыган жок. Жаны бекем, кайраттуу экендиги анын жашоосун кармап калды окшойт. Атаман көңүлү калганбы, ал дүйнө салганда аябай көп ыйлаган жок.
Учурунда биз бул эмнеси дегенбиз, кийин ойлосом атама балдарына байланып эле жашаган окшойт. Жогоруда кеп кылып кеткендей биздин тукум, башкача айтканда чоң атамдын чоң атасы каргышка калган экен. Мал-жандуу, жакшы жашаган адам болуптур, ата-теги дагы бир уруунун байы атыккан адамдар экен. Каргышка калган чоң атабыз ачуусу абдан чукул, беттегенин бербеген көк адам болуптур. Анын жакшы көргөн атын бирөө уурдап кетет. Ал атын балдарынан дагы жакшы көрчү экен деп айтышат. Ал ат көптүн көзүн кычыштырган, жорголугу оозго алынган Камбар ата тукуму болгондуктан ким уурдаганы тез эле белгилүү болот. Атты бир көрүп көзү түшүп калган казак байы чоң атабызга атыңды сатып алайын деп бир нече ирет келип, терс жооп уккандыктан ошол эле тегеректеги бирөөлөр аркылуу уурдатып алууну туура көрөт. Чоң атам жашаган аймакта бир казак бала жалгыз энеси менен жер кезип келип туруп калышкан экен. көрүнгөндүн коюн багып, уюн жайып, энеси сүтүн бышырып, кирин жууп нан таап жеген адамдар болушат. Казактын байы ошол баланы чакырып алып, эгер атты уурдап бел ашырып берсе энеси экөөнү тең көчүрүп кете тургандыгын айтат. Эл-жери көзүнөн учуп, жокчулуктан кыйналып турган бала коркуп турса дагы ат уурдаганга макул болот. Энесин ошол атка мингизип, экөө түндөп качып жөнөшөт. Алардын айылда жок экенин билген чоң атам өзү жалгыз казактар тарапка кетчү белди карай атынын башын буруп, куугунга түшөт. Энеси менен баласы куугун келээрин күткөн эмеспи, же бел ашып кетүүгө жетишебиз дегенби, шашпай кетип бара жатышканда чоң атабыз аларды кууп жетет. Аттын үстүндө минип бараткан энесин тартып түшүрүп, жетелеп бараткан баланы алкымынан алып муунта баштайт. Ачуусун баса албай колу карышып калган аны ажыратууга тырбалаңдаган кичинекей аялдын кантип алы жетсин. Же бир тегеректе аларды ажырата турган бирөө жарым болсо эмне. Чоң атабыз баланы жакшылап коркутуп коёюн десе керек, бирок арышкан колу чыкпай казак балага дем жетпей чоң атабыздын колунан оо дүйнөгө узап кетет. Кулунунан айрылып чырылдаган эне чоң атамды абдан каргаган экен: Тукум көр, бирок алардын үзүрүн көрбө. Тукумуңда менин балама окшоп алкымынан аба өтпөй жарыкчылык менен кош айтышкандар көп болсун.
Малың көзүңө адамдан артык көрүнсө тукумуңдун короосуна мал толбой, кык жыйналбай калсын»-деп дагы бир топ каргыштын кебин айткан экен. Чоң атабыз ошондо абдан катуу кейип, адам өлтүрүп алганына эмес, эненин каргышын укканына өкүнүч кылган деп айтышат. Бала ат уурдаганы үчүн күнөөлүү болуп, чоң атабыз адам өлтүрүп алганына күнөө тагылып, баягы казактын байына ошол жорго атын берип кун төлөйт. Баласынын сөөгүн жорго атка жүктөгөн эне кошогуна чоң атабызга болгон каргышын кошуп кетет… Чындап эле чоң атабыздын тукуму бир топко уланып, башына баш кошулуптур. Бирок ал адамдын көзү өткөнгө чейин эч кандай жандын да, малдын да саны кемибейт. Бирок арман кылып айткан ал адам, менин кесирим тукумума тийбесе эле болгону деп айтып турчу дешет. Ал кишинин көзү өткөндөн кийин небереси талаага мал жайып чыгып уктап калганда жылаан келип мойнунан кысып өлгөн экен. ошол казак кемпирдин каргышынын биринчи таасири болот. Андан кийин эле мал токтобой, короодон кою кырылып, жылкылары кеселдеп, уйлары улам четинен өлүп отуруп эч нерсе калбайт. Жаңыдан эле мал курашса кайра эле өлүп калат.
Ортодон эки-үч ата өтүп анан биз жарыкка келдик. Ортодо кимдер кантип дүйнөдөн өткөнү жөнүндө маалыматым жок, бирок атамдын бир иниси түрмөгө түшүп калып шейшепке асылып өлгөнүн уккам. Атам өмүр бою колхоздо иштеди. Мал күттүк, бирок улам четинен өлүп-житип, атам сатып арак ичип салып жүрүп корообузга мал токтобой койду. Ошол себептенби, атам өзү каргышка калган тукумдарданбыз деп көп айтчу. Атам дүйнөдөн өткөндө биз кичирээк, катар менен өскөн балдар-кыздар болчубуз. Ал улуу кызынын күйүтүнөн улам кетип калды. Тун кызы бойго жетип, мектепти аяктаар учурунда бирөөдөн ызалуу кеп угуп калганбы, мектептен келип эле сарайга кирип кетип, ошол жактан асылып калат. Аны короого мал киргизейин деп кирип барган атам таап алат. Өңдүү-түстүү, өзү дагы абдан жароокер кыз экен, мен кичинекей болгондуктан жакшы билбей калдым. Кызынын күйүтү жүрөгүнө түшүп кетип, атам бир жарым жылдан кийин каза болуп калат. Атамдан кийин кыйналып-кысталган жашоо менен чоңойдук. Бирок апамдын башына түшкөн азап, көкүрөгүндөгү арман андан алыстаган жок. Улуу агам үйлөнүп, бир балалуу болгон учурунда аялынабы, же апамабы, кимисине таарынганы белгисиз, баягы эжем асылып калган сарайдын ичине кирип мойнуна жип салып жанын кыйды. Бул биз үчүн түгөнгүс арман болду. Чырылдаган апам экинчи баласын окшош өлүмгө жетелетип жебиргенине ишенип-ишене албай абдан жаман болду. Жер катуу экен, эгер Жараткан башка салып, көтөртүп койсо канча арман болсо дагы чыдап көтөрбөскө айла жок тура. Баары ушуну менен кетсе экен деп, ыйлап-сыктап, бир боорубузду кара жердин астына ыраа көрбөсөк дагы келгис сапарга узаттык. Ортодон дагы бир топ жыл өткөндөн кийин иним машинасы менен такси айдап жүрүп кылмышкерлердин колунан каза тапты. Сабап, же атып кетиптир десе дагы бизге кандай таасир берет эле билбейм, бирок анын муунтуп өлтүрүлгөнү бизге казак кемпирдин каргышынын таасири экендигин аныктап тургандай сезилип, баарыбыздын үрөйүбүз учту. Улам бир баласынан ажыроо апамды акылынан ажыратып койгондой эле болду. Арып-азып, кайгыдан баш көтөрө албай калды. Катар-катар өлүм болсо мүрзөгө кулпуну бекитип туруп кошо көмүп, ачкычын эч ким таппай турган жерге ыргытып жибериш керек деген элдин кебине макул болуп, ал ырымды жасадык. Ошол кулпу калганыбыздын өмүрүбүздүн сакчысы боло тургансып аз дагы болсо ийинибиздеги жүктү алып койгондой жеңилдеген элек. Бирок бул көрүнүш көпкө уланган жок. Күйөөсүнө таарынып келген сиңдим бир күнү кечинде алма бактын арасына кирип халатынын куруна асылып калып кайра башыбызга кайгы үйдү. Карыздары дагы көбөйүп кеткен экен. Ошонун баарын ойлоп, жанын кыйып гана кутулгусу келген окшойт.
Апамдын жүрөгү таза, күчтүү экен, муңканып, кан жутуп, чачы агарып, бетине катар-катар бырыш түшүп кетсе да аргасыз жашоосун улай берди. Ыйлап-сыктап кала бердик. Кайгы жута берген адам абдан заардуу, каардуу анан сүрдүү болуп калат окшобойбу, апам бир башкача болуп кетти. Балалыгыбыз өткөн үйгө куран окутуп чогулуп калдык. Ошондо кичүү инимдин келинчеги: Бир нерсе болсо эле Самат асылып өлүп калам деп коркутат, акыл айтып коюңуздарчы, -деп калды. Баарыбыздын үрөйүбүз учуп инибизге бир тийдик. Бирибиз апаңды аябайсыңбы, десек, дагы бирибиз «ошентсең эле бир нерсе өзгөрүп кетмек беле, кайдагы жаман сөздү оозуңа албачы» дедик. Ошондо иним: Билбейм, кээде эле мага бир аял жип сунуп, өзүнө чакырып жаткандай көзүмө көрүнө берет. Өзүнө тартып, ошол тарапка баргым келе берет. Эгер мен ошол жипти мойнума салсам жашоодогу баардык кыйынчылыкты жеңе турганымды айтат,-деди. Бул сөздү угуп баарыбыз чочуп калдык. Ушуга чейин үйдү тазалатуу, касиеттүү адамдарга кайрылуу тууралуу ойлонбоптурбуз. Инибизди алып бара турган касиети күчтүү адамдарды караштыра баштадык. Акыры бирөөгө токтолуп, ага бардык. Ошол адам биздин тукумда каргыш бар экендигин, ал жети адамдын башын алып жута турганын айтты. Биз билбеген туугандарыбыздан дагы көз жумгандар болгонбу билбейм, «Жети жип көрүнүп турат, алтоосу бош эмес, бирөө турат» деди. Иниме дем салып, жаман ойдон алыстатып берди. Ошол учурда жети жиптин бирөөсү бош деген сөзүнө маани берген эмес экенбиз. Өзүбүздүн инибиздин жаман ойдон кайтканына кубанып жүрө бериптирбиз. Арадан жарым жылдай убакыт өткөндө муунуп каза болгон улуу агамдын аялы менен кеткен уулунун каза болгону тууралуу кабар уктук. Ал дагы асылып калган экен… Каргыш адамдын өзүнө тийбесе дагы тукумуна тийээрине ишенип калдык. Тукумунунун кыйналып жатканын сезген улуу аталарыбыздын деле жаны тынч ала албай, сезет болушу керек. Биз кайрылган касиеттүү адамдын жети жиптин бири бош деп айтканы дагы бир адамды узатасыңар дегени тура. Бир тууганыбыздан калган инибиздин сөөгүн атасынын жанына алып келип койдук. Анын ашын өткөргөндөн кийин атайылап кара койдун канын чыгарып түлөө бердик. Ушуну менен баары токтосо экен деп тилендик. Кудайга шүгүр, андан бери тынчыбызды алган каргашалуу окуяларга туш болбой, инилерим бирин-экин мал күтүп, акырындап жашоосун жакшыртып келе жатышат.
А.Кадырова
Булак: “Шамбала”