“Баратам кызым”,-деп айтканынан беш мүнөт өтпөй эшик тыкылдады. Ачсам бышылдап-күшүлдөп кайын энем турат.
Келин болуп келгениме төрт жылдан өттү. Бизде баары сонун десем калп айткан болом. Кадимки үй-бүлөлөрдөй эле, кез-кезде казан-аяктар кагышып турат. Эми бул жашоо да, туурабы?
Кайын энем айылда турат. Башында чогуу жашачубуз. Кийин күйөөмдүн жумушуна байланыштуу шаарга көчүп келдик. Эки кичинекей балабыз бар. Удаа төрөгөм. Учурда аларды карап үйдөмүн.
Жаңы-жылдан кийин ооруп калдым. Ордуман туруп дааратканага барганга шайым жок. Тез жардам чакыртык. Катуу суук тийгенин, бейтапканага жатышым керек экенин айтышты. Үйдөн эле дарыланам деп макул болбой койдум. Ошол эле күнү кечинде кайын энем чалып келатканын айтты, абалымды күйөөмөн уккан экен.
“Эки бала менен кантип дарыланмак элең, ушулар сени жөн жаткыра коет, дароо эле айтсаң келе калат элем го”,- деп урушту. “Апа, неме” дегенден башка сөз айта алган жокмун. Кур келбей кыям, эт, сары май, сүзмө көтөрүп алыптыр.
Үйдү аластап чыкты. Жылуулап төшөк салып берип жаткызды. Күйөөм менен балдарыма бөлмөмө кирүүгө тыюу салды. Медайымды күтпөй дарыгер жазып берген уколдорду өзү сайып баштады. Кайнатма жасап, табитим жок десем болбой кыстап ичирди. Тердеген кийимдеримди которуп, жууп сыртка илип койду. Түнкүсүн онтолсом шарт тура калып, суу ичирип, үстүмдү жаап коюп жатты.
Туруп-туруп, “ушул ооруңду күчөтпөй жаңы башталганда дароо дарылансаң, мынчалык кыйналбайт элең. Ай, балам, ай. Жумуш кургур бүтпөйт. Суукта иш кылып жүрө бердиң да!” – деп кейийт.
Менден тышкары, эки баламды карап, курсагын тойгузганды унутпады. Эң кызыгы, баскан-турган сайын күйөөмдү урушат: “Акча деп жүрө бербей, аялыңа көңүл бурганды качан үйрөнөсүң! Мотурайган эки бала төрөп берди, ден соолугу кетти! Жакшылап карабайсыңбы! Эмне баары Гүкүшкө эле керекпи? Бар идиштерди жууп кой!”
Ооруганга чейин кайын энемдин ким экенин билбепмин. Бат эле сакайып кеттим. Дарыгерим өзү таң калды. Кетиргим келбей аябай жаман болдум. “Чоң рахмат апа! Сиздин мынчалык жакшы адам экениңизди билген эмесмин. Ыраазмын апа!”