Ооо ынтымагы жок, ырыскысы качкан “урушчаак” кыргызым, уккула!

Ооо ынтымагы жок, ырыскысы качкан “урушчаак” кыргызым, уккула!

Илгери уруу-уруу болуп бөлүнүп, биринин мал-мүлкүн экинчиси чаап, баатырларын өлтүрүп алсыздашкан. Алсызы жардам сурап оруска чуркап барып, арызданып жатып эркиндигибизден ажырап, кырылып, үркүп Кытайга качып, жетпегени жолдо карышкырга жем болгон. Жеткени кытай, уйгурларга эркектерибиз кул болуп, аялдарыбыз катын болгон, азапты көрүп кордолгонбуз.

Ошол тарыхтан сабак албай, эгемен өлкө болгондон бери эркиндигибизди көтөрө албай борборго келсең түндүк-түштүккө, облус-облуска бөлүнөбүз, бир облустун адамдары болгон жерде район-район, уруу-урууга бөлүнөбүз, атабыз районубузга алтын ордо куруп берип койгонсуп мактанабыз.

Районго барсаң айыл өкмөтү болуп салгылашабыз, менин уруум укмуш деп дардаңдайбыз. Айыл өкмөтүнө келсең кокту-колот, мектеп-мектеп, чоң класс-кичине класс, ылдыйкы айыл-жогорку айыл болуп жулмалашабыз. Үйүңө келсең жээниң түндүктөн болсо «аркалык жээн», түштүктөн болсо «сарт жээн» деп сүйлөйбүз.

Эми шайлоо келе жатат, өлдү…Партия-партия болуп кырылышабыз, ал лидер айды алат, бул лидер күндү жаап салат деп телпегибизди көккө ыргытып, сагызганча шакылыктайбыз. Сен анын адамы, мен мунун адамы деп 1941-жылы немисти көргөндөй тиштерди кычыратып, көздүн кыйыгы менен карап, сөгүнөбүз. Өтпөй калганы “жараткандын жардамчысы болсом да бийлик бут тосту, мен парламентке барып калсам алты саатта Кыргызстанды Америка кылат элем” деп элди көтөрүп, Напалеонго каршы согушка аттангансып кыйкырып Москвага же Вашингтонду көздөп жөнөшөт. Алар энебиздин эгизиби? Катындарыбыз, чалдарыбыз калыс болгондун ордуна каргап-шилеп отурушат, эпчилдери дүжүр болуп иштеп алышат. Ортодо бейөкмөт уюмдар деген сырттан каржыланган мите курттарга жыргал болот,.. Жеген акчасын акташ үчүн ичибизде болуп жаткан маалыматты сыртка ташып, сырттын диктовкасы менен ичибизди иритип баштайт.

Мына ушундай мүнөздүү, ушунча бөлүккө бөлүнгөн кыргыз өнүгөбү? Мурункуну эске албаганда 28 жылдан бери бөлүнүп тытышабыз, эмне таптык?! Жерибизди таштап тентидик, башканын үйүн шыпырып, короосун тазалап калдык, кен байлыгыбызды талаттык, тоноттук, уурдаттык, кээ бир жерлерибизди алдырттык, кордолдук, кыздарыбыз талпак болду башкаларга, намысыбызга келбедик. Дагы эмне калды? 23 жыл президент түндүктөн болду жакындарын кошпогондо түндүк эли жыргадыңарбы? Метро жүрүп, эстекадо жолдор менен жүрүп калдыңарбы? Албетте жок! 7 жыл түштүктөн президент болду ошол эле Мамай. Карапайым эл баягы эле…. Же президент жердешиң болсо казаныңа аш салып береби, кимиңдин очогуңа от жагып берди?

Чек арабыз ачык, аскерибиз алсыз, элибиздин биримдиги жок, казынабыз бош. Бизди Жараткан Улуу эгем өзү сактап турат. Ошондуктан кыргызым бизге биринчи кезекте ЫНТЫМАК керек. Ынтымак болсо, ырыскы өзү келет. Ушинтип жүрүп бекер келген эгемендигибиз коркунучта калды, кыргызым! Бир жеке амбициялуу адам үчүн бири-бирибизди жек көрбөйлү, жеке таарыныч үчүн бүт регионду шылдыңдабайлы. Биз, кыргыздар бири-бирибизди тытабыз, камайбыз, каргайбыз, буттан чалып, көрө албай тепкилейбиз. Башка улутка жагалданып бүжүңдөйбүз, анын тилин тез үйрөнөбүз, өз тилибизди чанабыз, жетим козудай башканы ээрчип алабыз ж. б. Ушундан башка улуттар пайдаланып, алдыга карап өсүп жатат. А кыргыздар жаман сөзгө уста болдук, урушчаак атка кондук ж. б. Кыргыз жерине кыргыз гана күйөт, кыргыз тилин кыргыз гана сүйөт. Башка эч кимге анын кереги жок, алар каалаган мезгилде куйругун түйүп кетишет. Баягы эле бизге керек. Ата-Журтту көздүн карегиндей сакташ, кыргыз тилинде сүйлөш ар бир кыргыздын милдети. Ырыскыны теппей, ынтымак болуп, Мекенди сүйө билели! Тарыхтан сабак алалы! Көзүбүздү ачып бир бололу!

Шүкүрбек Эркебаев, активист

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости