Ноокен, Базар-Коргон, Араван, Лейлек райондорунда жазгы талаа иштери башталды

Ноокен, Базар-Коргон, Араван, Лейлек райондорунда жазгы талаа иштери башталды

Бүгүн, 25-февралда Чүй облусунун Чүй районунда агрозоовет окуусу өттү. Ага Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү жана органикалык жер семирткичтерди чыгарып иштеген ишкерлер катышты.

Министрликтин Дыйканчылыкты, үрөн чарбачылыкты жана органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жигитали Жумалиев быйыл жаз эрте келип, дыйканчылык иштери эрте башталганын айтты.

“Ош облусунун Араван районунда 28-январда картошка отургузуу башталды. Азыр Жалал-Абад облусунун Ноокен, Базар-Коргон райондорунда, Оштун Араван районунда, Баткен облусунун Лейлек районунда арпа эгүү иштери башталды. Бул былтыркы жылга караганда 15-20 күнгө жаз эрте келди дегенди түшүндүрөт. Чүй облусунда дагы жер айдоо иштери башталды”, — деди ал.

Ж. Жумалиевдин айтымында өлкө боюнча 1 млн. 220 миң гектар айдоо жери болсо, ошонун 1 миллионго жакыны дыйкандардын колунда. Башкача айтканда айдоо жерлеринин 97%га жакыны жеке менчикте.

Чүй районунун дыйкандары жүгөрү, кант кызылчасы картошканын жакшы үрөндөрүн алуу ниети бар экендигин айтышты. Министрликтин өкүлдөрү алардын суроолоруна канааттандыраарлык деңгээлде жооп беришти.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости