Космосбек мырза, тез жардамга, тез чара көрүңүз

Космосбек мырза, тез жардамга, тез чара көрүңүз

Адамдар тез жардам кызматын эмнеге чакырышат? Албетте, алардын жардамы керек болуп, эмканага эртерээк жетүүгө, биринчи медициналык жардамды алууга. Бирок, айрым учурларда бул кызматка чалсаң дарегиңди сурап, ошол райондун тез жардам кызматына кайрыл дегенде күйбөгөн жериң күл болот.

103 деген кыска номер тез жардам кызматына таандык экени баарына маалым. 103 номерине чалып жогорудагыдай жооп укканды ашатып эле жатып каласың.

Урматтуу саламаттык сактоо министри Космос Чолпонбаев! Ушул атагынан чатагы көп кызматка көңүл буруп койбосоңуз болбойт! Же элге иштесин же жабылсын да, мамлекеттин казынасынан караанын эле көрсөтпөй,-деп жазып чыкты «Факты.kg» гезити.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости