Көр оокат…

Көр оокат…

Жарыкчылыкка келип, буйруган тамакты жеп, жашоонун арабасын айдагандардын түгөл баары көр оокаттын артынан жүрүүгө туура келет. Бири адал мээнети, башындагы мээси менен күн кечирсе, дагы бирөө шылуундугу, арамдык жолдору аркылуу ашказанын толтуруп, керт башынын кызыкчылыгын жогору коёт. Антсе да ыйманы таза, дили ак, адамгерчиликтүү жарандар көп болгону үчүн жер тоголок болсо да кармалып турат. Бул кызылдай чындык!

Кандай болгон күндө да кыргыз өлкөсүнүн атуулу болгон соң ар бирибиз ыйманыбызды жебей, акты карага айландырбай, күнүмдүк жашоого азгырылып досту сатып кетпей, түз жүрүүгө калыптанышыбыз учурдун талабы десек болот. Көр оокаттын айына шылтоолоп, жер сатууга, акактай таза өзөнүбүздү булгоого, абийирди акчага алмаштырууга, намысыбызды тебелетүүгө жол берүүгө болбостугун эсибизге бекем түйүшүбүз кажет. Азыр ушундай талап башыбызга кылыч болуп кармалганы ырас. Ошондуктан пейилди оңоп, кыйшык баскандарды ээрчибей, жарык чача турган мыктыларга караан бололу. Ошондо гана асыл иштерди, улуттук дөөлөттөрдү жүзөгө ашырууга кенен чыйыр салынат.

Булак: «Ачык сөз»

Назар Новости