ВИДЕО — "Сенин уятың барбы?". Профсоюздар федерациясынын мурунку төрагасы менен азыркы төрагасы кырылышып кетти

ВИДЕО -

Бишкекте бүгүн, 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген өңдүү кинелерди коюшууда. Нааразы тарап «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршы чыгып жатышат.

Уюштуруучулар нааразылык акциясына кесиптик кошуундардын 200дөй мүчөсү чыкканын, төрт киши Асанакуновдун иш бөлмөсүндө ачкачылык кармап отурганын билдиришти.

Жетекчи Мирбек Асанакунов менен орун басары Канат Осмонов экөөнүн ортосунда чыр чыкты. Ал жерде бирин-бири алдамчылыкка айыптап, «Уятыңдан кетип калдың!, бетиң деле калбай калды! сенин уятың барбы же менин уятым барбы?» деген кайым айтышууларын көрүүгө болот.

Мындай нааразылык былтыртан бери уланып келе жатат.

Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясын мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту былтыр канааттандырып, бирок Жогорку сот быйыл январь айында жокко чыгарган.

Бул кызматка Асанакунов 2017-жылдын 16-январында шайланган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеп келген.

Между председателем Федерации профсоюзов Мирбеком Асанакуновым и его заместителем Канатом Осмоновым произошел конфликт. Около 60 человек собрались возле кабинета главы с требованием встретиться с Асанакуновым и высказать свои претензии. Они считают, что Асанакунов более 3 лет занимал должность главы ФПК незаконно. Часть митингующих ворвалась в кабинет, где сидел Асанакунов. Среди них был Осмонов. «У тебя есть совесть?» (Сенин уятың барбы?) — обратился Осмонов к Асанакунову. «У меня есть совесть? Или она у вас есть?» («Менин уятым барбы? Сиздин уятыңыз барбы?) — ответил вопросом на вопрос глава федерации. В свою очередь Асанакунов сообщил, что находится на этой должности законно. ⠀ ?Тюльпаны АКЦИЯ по 99 сом ? ⠀⠀⠀ ⠀ @7cvetov.kg ⠀⠀ ⠀ W/A 0555050400

Публикация от СВОДКИ И ПРОИСШЕСТВИЯ ? (@vesti.kg)

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости