Казакстан авиакаттамдарын токтотту. Кыргызстандык транзиттик жүргүнчүлөр чет жакка каттабай калышабы?

Казакстан авиакаттамдарын токтотту. Кыргызстандык транзиттик жүргүнчүлөр чет жакка каттабай калышабы?

Казакстандын авиабийлиги жаңы коронавирустун тарап жатканына байланыштуу айрым өлкөлөр боюнча туруктуу каттамдарга чектөө салды. Бул тууралуу Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигине караштуу Жарандык авиация комитетинин төрагасы Талгат Ластаев ЖМКларга билдирди.

«Каттамдардын жана авиабилдирүүлөрдүн саны эң аз дегенде чектелет. Учурда Түштүк Кореяда абал курч. Ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия аймагы — Япония боюнча да активдүүлүк бар. Иран боюнча суроолор бар», — деп билдирген ал.

Кыргызстандык транзиттик жүргүнчүлөр бир нече багыт боюнча уча албай калышат.

Учурда кайсы багыт боюнча канча каттамдар кыскарары каралып жатат.

Назар Новости