Эльдар Айтматов: "Учурда үй-музей өз чөнтөгүмдөн гана каржыланат"

Эльдар Айтматов:

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинен ажыратуу жөнүндө маалымат туура эмес. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов билдирди.

Анын айтымында, үй-музей, тескерисинче өкмөттүн колдоосуна муктаж.

“Биз сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө, өкмөт колдоону кантип ишке ашырат деп ойлойбуз. Парламентте, министрликтерде эске алынууга тийиш болгон көптөгөн юридикалык жагдайлар бар. Тилекке каршы, соттун жүрүшү созулуп жатат”.

Ал белгилегендей, азыр үй-музей аянычтуу абалда турат.

“Үй абдан эски, биз өз күчүбүз менен аны оңдойбуз. Биз музейди башка жерге которбойбуз, анткени ал жерде Чыңгыз Торокулович жашаган эмеспи. Азыркы учурда музей өз чөнтөгүмдөн гана каржыланат”,- деп айткан жазуучунун уулу Эльдар Айтматов.

Эске сала кетсек, Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова Twitter баракчасына Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи мамлекеттин колдоосусуз калганын жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости