БОЛГОН ОКУЯ: Өлүктүн жанындагы караандар
Турмуш  |   |  228

Ал мезгил союз мезгили, анда мен студент болуп төртүнчү курста окучумун. Айылда атамдын эжеси бар болчу, жашы бир топко барып улгайып калган. Ошол каза болуп шаардыктарга кабар келди. Ал мезгилде машине табуу да кыйын болчу. Эптеп бардыгыбыз бир машине таап жалдап айылга жөнөп кеттик. Атамдын эки иниси, бир эжеси (азыркы каза болгон) бар. Эң кичүү иниси каза болуп калган авариядан, эми эжеси каза болуп жатпайбы. Арийне, мен үчүн деле бул оор жоготуу болду, анткени мен кичинемден бери армияга кеткенче ошонун колунда чоңойгом. Ал мезгилде алыстагыларга кабар айттыруу дагы кыйын болчу. Алыстагы туугандардын ар бир тизмесин алып бирден киши дайындап кабарлаганы жөнөтүшчү. Мен дагы Кочкордон Токмоктун айланасында жашагандарга кабар айтып келдим. Жай мезгили болчу, кыргыздар биз (өзгөчө кочкорлуктар) өлүктү сыртка боз үй тигип туруп ошол жакка жаткырат эмеспизби, жайына тапшырганча. Анан түнкүсүн жакын бир туугандар кезектешип боз үйдү кайтарып чыгабыз. Мурда андай менин башыма дегеле түшүп көргөн эмес. "Түнкү саат экиден таңкы алтыга чейин тиги Мелис байкең экөөңөр кайтарасыңар" деп калды. Мурун мен жаш болгондуктан андай милдетти мага тапшырбаса керек. "Кадимки армиядагы кароолчу сыяктуу боз үйдү ит-мышыктардан коргойсуң, ар он мүнөттө боз үйдү айланып карап текшерип турасың. Өчөшкөндөй өлүк бар жерге мышыктар да көбөйүп кетет, боз үйдүн тешик-пешиктеринен кирип кетпесин деп дал эле ошолордон коргойсуң".

-Сен азыр бир аз уктап ал, анан түнкү саат экилерде ойготуп коём, - деп бир туугандарым эс алганга мага мүмкүнчүлүк беришти. Түнкү саат эки болгондо мени ойготушту. Атамдын иниси Мелис байкем уктаган уктабаганы белгисиз, туруп басып жүрүптүр. Мындай кароолчулукка мен армияда жүрүп көнүп калгам. Боз үйдү улам-улам айлана басып, мышыктар жокпу текшерип коюп аттым. Анан таңкы саат төрт чеңдерде кадимкидей уйкум келе баштады. Мелис байкем бир жакта жүргөн.

-Бас жүрү, тигил боз үйдүн ичине кирип укта, - деп калды ал.

-Тигил эжем жаткан боз үйдүн ичинеби? - дедим чочулай. Чындыгында мен ал мезгилде өлүктөн коркчумун.

-Ооба, эч нерсе болбойт, ал жакка мен да кирип жатам, боз үйдүн эшигин жакшылап тумчулап бекитип туруп уктай беребиз, Кудай сактасын, эч нерсе болбойт, - байкем үйгө кирип эки тон алып чыкты дагы бирөөсүн мага берип, экинчисин өзү кийип өлүк жаткан боз үйгө өзү жол баштап кирип кетти. Эжем жаткан жерге көшөгө тартып койгон, ошонун бери жагына байкем калың ичикти оронуп жатып алды. Анын бери жагына кооптоно мен жаттым. Мурда мен мындай болуп өлүктүн жанына дегеле жатып көргөн эмесмин. Өзүмдү кызыктай сезип уктай албай жаттым. Байкем болсо мындайды далай эле жолу башынан өткөрсө керек. Өзүнүн эжесинин бери жагында жатса дагы дароо эле корулдап коңурукту кош тарта уйкуга кетти. Уйкуда ар жок деген кеп бар эмеспи, канчалык уктабайын десем деле болбой эле акырындап мени сокур молдо жетелеп кетип бара жатты. Уйку-соонун арасында жаттымбы же көзүм чын эле илинип кеткенби, айтор, бир кезде кандайдыр бир добуштан ойгонуп кеттим. Карасам боз үйдүн ичинде кимдир бирөө жүрөт эшигинен кирип чыгып. Биз жаткан жакты улам карап коёт дагы өзүнчө сүйлөнүп жатты. "Боз үй ичинен илинүү эмес беле, бул кантип эшикти ачып кирип алды?" деп бир жагынан таң калып жатсам, экинчи жагынан ордуман дароо туруп барып эшикти жапкым келди. Бирок ордуман туруп кыймылдай албай койдум. Бир кезде эшиктен бир эмес үч-төрт ак кийимчен сөлөкөт кирип келишти. Жанымдагы уктап жаткан байкемди ойготоюн деп ордуман козголо албай койдум. Канчалык чымырканып туруп кетейин десем дагы ордуман былк эте албай айлам кетти. Бир кезде кирип чыккандардын саны уламдан-улам көбөйө баштады. Алардын сүйлөнгөн добуштары дагы көбөйө берди. Менден кандайдыр бир добуш чыгып кеткенсиди эле алиги караандар жок болуп кетишти да аппак кийинген бирөөсү гана калды. Ал мен жакты карап мени карай акырын колун созуп келе берди. Бир кезде мен болгон күчүм менен катуу бакыра көзүмдү чоң ачып жиберсем, алиги караан да жок болуп кетти.

-Ой эмне болду сага? - деп Мелис агам ойгоно мага карады. Мен көзүмө көрүнгөндөр тууралуу айтып берсем, ал эч кебелбестен: -Эч нерсе эмес, боло берет турмушта мындайлар, уйкуңду кандырып ал, таң атаарга деле аз калды, - деп эч нерсе болбогондой ары оодарылып жатып алды. Ал, сыягы, мындайларды далай башынан өткөрсө керек, менин айткан сөздөрүмө эч бир таасирленген жок. Мурда болуп жүргөн нерсе сыяктуу эле кайрадан куш уйкуга кетти. А менде болсо кайдагы уйку. Көзүм илинип кетсе эле алиги мени карай колун созуп келаткан ак кийимчен караан кайрадан пайда болуп мени жетелеп кетеби деп, таң агарып, күн чыкканча кирпик көзүн каккан жокмун. Эртеси байкемден мурун туруп барып боз үйдүн эшигин карасам, кечөөгүнү биз бекиткен боюнча эле экен. Алар эмне болгон ак кийинген адамдар экенине башым жеткен жок. Кийин деле далай жолу ошентип түнкүсүн өлүк кайтарып жүрдүм, бирок ошондой караандардын бирин дагы көргөн жокмун. Кечээ жакында кудагыйыбыздын эжеси каза болуп Нарын тарапка барганбыз. Сексен алты жашка чыгыптыр, ал менин атамдын эжеси да дал ошондой жашка чыкканда каза болгон. Ошол жакта жүргөндө тээ качандыр бир кездеги жаш кезимдеги дал эле ушул окуя эсиме түшүп кетип жатпайбы. Анан окуяны силердин гезитиңер аркылуу жалпы эле мусулман балдарына, окурмандарга баяндап берүүнү ылайык көрдүм. Албетте, көрүмчү бардык эле кишилерге көрүнө бербейт экен, көрүнчү гана кишилерге көрүнөт экен. Ошондой окуя бир жолу ушундай болуп менин башымдан өткөн.

С. Эгембердиев, Кочкор району

Булак: “Шамбала”

Поделитесь с друзьями