БОЛГОН ОКУЯ: Кырсык чакырган сырдуу үй
Турмуш  |   |  717

Токмок калаасынын чет жакасындагы бул кооз салынган үй канча жылдан бери ээн турат. Бийик дубалдуу короосу, кооз дарбазасы бар короосунун ичинде алма, өрүк ж.б.у.с. мөмө-жемиштүү бак-дарактар толтура, дегеле андан эч кандай кемтик таба албайсың. Анын алгачкы кожоюну да ким экени белгисиз. Уламдан-улам жаңы кожоюн алмашып отуруп акыркы мезгилде эч ким сатып албай ээси жок аңгырап турат. "Үй сатылат" деп жазылып турчу. Бул жазуу көпкө чейин илинип турду. Анын акыркы кожоюну үй-бүлөсү менен кырсыкка учураган соң, "үй сатылат" деген жазуу өзүнөн өзү жоголду. Алардын жердиги көлдүк болгондуктан өлүк коюу аземи да бул жакта болгон жок, ошол өзүнүн туулган жеринде болду. Бирөөлөр тууган-туушкандарынан келсе кошуналар чогулуп барып куран окуталы десек, бир да бирөөсү келген жок, эч кимибиз ага куран окутуп бара алганыбыз жок. Сыягы, үйүндөгү мүлкү дагы ошол боюнча турат окшойт. Айланасындагы кошуналары ал үйгө жакын жологондон дагы коркушат. Эмне себептен ал мындай сырдуу, коркунучтуу үй болуп калган ошол боюнча табышмактуу болуп эле турат азыркы мезгилге чейин. Эгерде ошол үйдүн жанына келсең эмнегедир жүрөгүң ооруп, өзүңдү башкача сезип, башкача акыбалда болосуң. Кыйналып кетесиң, андан оолак кетсең кайра мурунку акыбалдагыдай калыбыңа келесиң эмне себептен мындай экенине түшүнбөйсүң. Короо ичиндеги алма, өрүк, алмурут сыяктуу мөмө бактар канча жылдан бери каралбай, сугарылбай кароосуз турат. Бирок эч нерсе болбогондой эле бүрдөп, сопсонун болуп мөмө байлап, күзүндө жерге түшүп төгүлүп жатат.

Ал жактын мөмөсүнө кызыгып ууруга киришкен өспүрүм балдар колу-буттары, кабыргалары сынып реанимацияда жатып араң дегенде киши болуп айыгып чыгышты. Ошондон кийин эч кимиси ал жакка баш бакпай калышты. Ээси бар үйдөн коркуп чочулашат, бармак тургай жакын да жолошпойт. Мунун сыры эмнеде экенин эч кимиси билбейт, керек болсо ал үй тууралуу кеп да кылышпайт, сөз кылгандан да чочулашат. Чындыгын айтканда, ал үй эски стилде болгону менен колдорунан көөрү төгүлгөн усталар ушунчалык чебердик менен аябай кооздоп, ар жыгачка көркөмдөп, кооздоп оюу салып өтө тыкан кылып шашпастан кынаптап жасашканы айтпаса деле көзгө көрүнүп турат. Чындыгында убагында (өзгөчө тээ союз мезгилинде) бул үйгө кызыккандар, талашкандар, соттошкондор көп болгон. Бирок мындай карап келсең, ошол адамдардын бардыгынын көздөрү өтүп кетти. Ошолорду эстегенде жүрөгүң мыжылып, кызыктай болуп кетесиң. Эсимде тээ союз мезгилинде (ал кезде мен бала болчумун алты-жети жаштагы) чоң кызматта иштеген бир киши бул үйдү сатып алган болчу. Анын жалтыраган капкара "волгасы" бар эле. Жумушуна ошол "волгасы" менен кычырап барып келчү, ал мезгилде ушул айлана-чөйрөдө жашагандардын бирин-серин эле "москвич", "жигулилери" болбосо, андай "волга" түштөрүнө да кирчү эмес. Аны болгондо да поезд уруп кетип үй-бүлөсү менен каза болушкан. Москвада окуган кызы бар экен. Ал бир жолу келди да ошол боюнча дайынсыз жоголду. Үйдү анын бир туугандары талашып, соттошуп атып бирөөсү алган.

Көп өтпөй ал дагы дал эле ошол үйдөн токко урунуп каза болду. Улам кырсыктай бергендиктен аны сатып тынышты. Аны сатып алган кийинки адамдар ошол үйдө кышында көмүр газына үй-бүлөсү менен ууланып өлүштү. Мештен ис чыга берип бардыгы үй-бүлөсү менен ошол уктаган боюнча уктап калышты. Жаназалары окулуп төрт-беш өлүктү мүрзөнү көздөй көтөрүп кетип баратышкан адамдар азыркыга чейин көзүмө элестеп турат. Андан кийинки ал үйдүн кожоюндарынын окуяларынын бардыгы эсимде. Аларды эстеген сайын жүрөгүм ооруйт. Ошол үйдү сатып алгандардын бардыгы эле кырсыкка учурап каза болуп, сатылып башка жакка көчүп кетип жатышты. Адегенде ал үйгө кызыгып келгендер аябай көп болду, атүгүл түлө, той берип кошуналарды чакыргандар да болду. Тойго барышкандар үй ээсине кырсык тууралуу эч кимиси батынып айта албайт, анткени алар той берип жакшылыкка чакырып жатышпайбы. Жакшы калоо-тилектерин айтышып бата беришип унчукпай тарап кетишет, анан эле... Баягыдай көрүнүш кайра кайталанат, "тигил үйдө жашаган баланча деген киши каза болуп калыптыр кырсыктап" дегенди укканда төбө чачың тик туруп, жүрөгүң титиреп кетет.

Бул үйдө канчалаган гана бай адамдар жашашпады дейсиң, арман күн, ошолордун бардыгы тиги дүйнөдө азыр. Акыркы жолу ал үйдө жашагандардын бардыгы бүт үй-бүлөсү менен кырсыкка учурашып бири да калбай каза болуп калышкандан кийин эч ким сатып алганга даай албай калышты. Ал канча жылдан бери кароосуз турса дагы келбетин бузбай кооз боюнча эле турат, бирок сатып алган киши жок. Азыр ал үйдүн кырсыктуу үй экенин бардыгы билип калышты, ушунчалык кооз, көрктүү болсо дагы эч кимиси кызыгышпайт. Эмне болгон сырдуу, кызыктуу үй экенин түшүнүп болбойт.

Кадырбек Эсенбек уулу, Токмок шаары

Булак: “Шамбала”

Поделитесь с друзьями