Азия чемпиону болгон Жолдошбеков көзү эмнеге көрбөй жатканын айтты

Азия чемпиону болгон Жолдошбеков көзү эмнеге көрбөй жатканын айтты

Индиядагы Азия чемпионатынан эркин күрөш боюнча алтын медаль тагынган балбан Улугбек Жолдошбеков күрөш учурунда травма алып, Бишкекке көзү жакшы көрбөй келип түштү. Бул туурасында Улугбек ЖМКларга «Манас» аэропортунда тосуп алгандарга ыраазылык билдирип жатып айткан.

Ал Иран балбаны менен күрөшүп жатканда көзүнөн жаракат алган. Финалга чыккандан кийин саламаттыгынан улам баш тартууга туура келип, бирок кайра катышууга бел байлаган.

«Иран балбаны менен күрөшүп жатканда көзүмө колун тыгып жиберип, көзүмдүн ичи айрылып кетти. Мелдештен чыгаралы деп, бирок агайлар бир айлампа күрөшүп көр дешти. Индус атаандаш менен кармашып, финалга чыктым. Ага да катыштырбай коелу дешти, бирок врачыбыз Бактыгүл Насыровна дары таап тамызып, бир аз жакшы болуп калып, финалда утуп алдым. Ушул беттеш мен үчүн абдан оор болду. Азыр ким, канча киши келди жакшы көрбөй жатам», — деди ал.

Эске салсак, Жолдошбеков Индияда өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча финалда тажикстандык Мухамад Икромов менен беттешип алтын медаль уткан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости