Америкалыктар кыргыздардан кооптонуп турушат

Америкалыктар кыргыздардан кооптонуп турушат

АКШдагы Кыргыздар Кытайдан тараган короновирустун айынан ыңгайсыз абалга кептелди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири жазып чыкты.

Алардын айтымында, америкалыктардын көбү кыргыздарды кытай эли катары кабыл алып ортодо түшүнбөстүктөр жаралууда. Мисалы, балдар аянтчасына кыргыздар барган маалда жергиликтүүлөр ошол замат көздөн кайым болуп, бакчаларды бошото калышат. “Биринчи жолу ушундай абалга кептелип жатабыз. Биз үчүн оор болууда. Жергиликтүүлөрдү дагы түшүнүүгө болот”, -дейт АКШда көптөн бери жашаган кыргызстандык жаран.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости