Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: "Сагынуу, куса болуу, алыстан кат күтүү…"

Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты:

— Мен 88-90-жылдары аскерде Влади-восток шаарында Тынч океандын жээгинде кызмат өтөгөм. Ушул күнгө чейин кээде түшүмө кирет. СССР дин кубаты куралдуу күчтөрүндө болчу. Аскерде жүргөндө ар улуттун мүнөзүн, күңгөй-тескейин жакындан көргөм, анализдегем. Аскерде кызмат өтөө чоң сабак, психологиялык жактан, физикалык жактан. Сагынуу, куса болуу, алыстан кат күтүү деген терең сезимдер эстен кетпейт,-дейт депутат Алманбет Шыкмаматов «Факты.kg» гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости