Ала-Тоо аянтында казак жарандары митингге чыгышты

Ала-Тоо аянтында казак жарандары митингге чыгышты

Борбор калаанын Ала-Тоо аянтында эки казак жараны митингге чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү булактардын бири билдирүүдө.

Митингге чыккан эки жаш бала “Кенесарынын башын кайтарып бергиле” деген жазуу жазылган плакатты көтөрүп алып чыгышкан.

Эки жаш бала “хайп” үчүн чыгышы мүмкүн.

Белигей кетсек, Кенесары Касымов Орто жүзүнөн чыккан султан, Чыңгыз Кандын жана Аблай хандын тукуму, 1841-жылдан баштап Орусия императору Николай I тааныбаган казактардын бардык Үч жүзүнүн ханы. 1837–1847-жылдары казактардын Орусиядан улут-азаттык кыймылынын башында болгон.

Алгач Кенесары Орто жүздө чоң атасы Аблай хан түзгөн хандыкты калыбына келтирүүнү жана өзүнүн чексиз жеке бийлигин орнотууну эңсеген. Ошондой эле ал Казакстанда Орусия империясынын таасиринин таралышына, үстөмдүгүнүн орношуна тоскоол болууну көздөп, чечкиндүү түрдө падыша аскерлеринин жолун торогон.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости