АКШ элчилиги: 2020-жылы кыргызстандыктар грин-карт лотереясына катыша алат

АКШ элчилиги: 2020-жылы кыргызстандыктар грин-карт лотереясына катыша алат

Кыргызстандын жарандары 2020-жылы күзүндө өтө турган кезектеги АКШнын грин-карт (Green card) лотереясына катыша алат. Бул тууралуу Кыргызстандагы АКШнын элчилиги «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Белгилей кетсек, 31-январда АКШ президенти Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости