Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер: "Тазалагандан качып, жаш жоокерлердин автоматы менен атчубуз"

Ахматбек Келдибеков, коомдук ишмер:

— Мен советтик армияда Грузияда десанттык чабуул тобунда кызмат өтөгөм. Мага армиядагы эң кызыктуу учур биринчи парашют менен секиргенде болгон. Парашют менен секирүу, парашюттун ачылганы, жерге конуу өзүнчө бир сезим болот. Биз бир жылда эки жолу тоого чыгып, аскада чуркап альпинизм менен алек болчубуз. Бир жыл кызмат өтөгөндөн кийин өзуңдүн автоматың менен аткың келбей калат. Себеби, автоматты аткандан кийин тазалаш керек. Колуң май болуп булганат. Ошол үчүн жаңы келген жоокерлердин автоматы менен атчубуз да өздөрүнө тазалатып койчубуз. Мунун бардыгы биз үчүн кызыктуу күндөр катары эсте калды,-дейт коомдук ишмер Ахматбек Келдибеков «Факты.kg» гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости