Айнура: “Күйөөм мурунку аялы менен көӊүлдөш болуп алыптыр”

Айнура: “Күйөөм мурунку аялы менен көӊүлдөш болуп алыптыр”

Бүгүнкү каарманыбыз жолдошунун жеӊил ойлуулугунан улам азапка батып жүргөн экен. Анысы жоктон тапкансып болгондо да мурунку аялы менен жолугушуп жүрүптүр. Бул тууралуу ызага баткан Айнура учурдагы кейиштүү тагдыры тууралуу күйүп-бышып төмөндөгүдөй баяндап берди.

—“Аӊгектен качсаӊ дөӊгөккө”-деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Дегеним, кийинки жолдошум дагы ак никебизди булгап көзүмө чөп салып жүргөнүн жакында билдим. Эмесе кеп башынан болсун. Эки баламдын атасы болгон мурунку күйөөм менен жалаӊ анын катынпоздугунун айынан ажырашкан элем. Андан кийин үч жыл жалгыз бой жүрүп Мурат менен таанышкам. Ал дагы ошол учурда аялы менен ажырашып кеткен экен. Алгачкы жолугушууда эле жылдызыбыз келишип калгандыктан убакытты созуп отурбастан тез арада эле үйлөнүп алдык. Бактылуу жубайлардын катарын толуктап бири-бирибизге жаман сөз айтпай ынтымактуу жашачубуз. Арадан бир жыл өтүп кыздуу болдук. Кызыбыз өзүнө аябай окшош болгонуна жетине албаган Мурат жумушунан эрте чыгып үйгө келчү. Кызын өзгөчө жакшы көргөндүктөн ага убактысын көпчүлүгүн бөлчү. Ал тургай менин балдарымды да жектебей өз атасындай мамиле жасачу. Ошон үчүн мен аны абдан сыйлачумун. Бирок биздин мындай бактылуу күндөрүбүз узакка созулбады. Күйөөм акыркы күндөрү жумуштан кеч келгени аз келгенсип, кээде үйгө да түнөбөй калчу болду. Бир күнү мындай жаман адаты жаныма батып кетип:

—Сен аябай өзгөрдүӊ. Балдарга да жакшы көӊүл бурбай калдыӊ. Балким, башка бирөөнү таап алгандырсыӊ,-дедим эмнегедир бир нерсени сезгенсип.

—Айка, мен жөнүндө жаман ойлобочу. Сени эч кимге алмаштырбаймын,-деди бекем кучактап бетимен өөп.

Анан сөздү башкага буруп кызым уктап жаткан бөлмөгө кирип кетти… А мен баары бир анын “сени алмаштырбаймын” деген сөзүнө таптакыр ишене албай жашап жүрдүм. Көрсө, туура эле шек санап жүргөн экенмин. Бир айдан кийин телефонуна мындай СМС келди: “Жаным, экөөбүз эми качан жолугабыз? Мен сени аябай сагынып жатам. Билесиӊби, сен мага талак бербестен ажырашкан элеӊ. Демек, шарият боюнча сен менин дагы эле күйөөмсүӊ”… Мурат бул учурда уктап жаткан эле. Ызама чыдай албай жулкулдатып ойготтум. Ал көзүн ушалап ордунан атып туруп:

—Тынччылыкпы? Сага эмне болду?!-деди ызырынып.

—Арамзаланбачы! Менден жашырып ким менен жолугушуп жүрөсүӊ?-дедим ыйламсырап.

Ал эч үндөбөстөн телефонун колумдан жулуп алган соӊ кабагын бүркөп СМСти окуду. Бир аздан кийин үшкүрүнүп мурунку аялы менен көптөн бери жолугуп жүргөнүн айтып берди. Ошондо бакырып ыйлап аны жаакка чаптым. Ал менин алдымда күнөөлүү болгондуктан мага кол көтөрбөдү. Мына ушул окуядан кийин аны жек көрүп калдым… Учурда стресс болуп кыйналып жүрөм. Ажырашсам мени үч балам менен ким алмак эле?..

Күнүгө ойлонуп атып акылымдан ажырай турган абалда болуп калдым. Күйөөмдүн жоругу тууралуу апама айтсам ага болушуп: “Аны эркек деп коөт. Атаӊ деле жаш кезинде мени какшатып аялдар менен көп жүрчү… Эми болсо: “Кудай келинге кор кылбай кемпиримден мурун жанымды ала көр”-деп басса-турса сүйлөнүп жүрөт. Кызым чыдасаӊ акыры жүрүп сен жеӊесиӊ”-десе болобу. Апамдын бул сөзү чындыгында мага бир топ дем күч бергендей болду. Бирок күйөөмдү эч кечире албай койдум. Эч…

Даярдаган: Нурпери ИСАБЕКОВА

Назар Новости