Аида Надырбекова, журналист: “Текебаевдин диктатура орногон мамлекеттин президентине суктанганын кандай түшүнсө болот?”

Аида Надырбекова, журналист: “Текебаевдин диктатура орногон мамлекеттин президентине суктанганын кандай түшүнсө болот?”

Журналист Аида Надырбекова өзүнүн Фейсбук баракчасына Өмүрбек Текебаевдин партиялык жыйында Өзбекстандын президентине суктанганы тууралуу жеке пикирин жарыялады:

“Өзүнүн партиясынын жыйынын өткөрүп жатып, өзбек туугандардын президентине суктанып, биздин өкмөттү өкүртө сындады Өмүрбек мырза. Атаганат, ар бир өкмөт шайланган сайын эле алдыңкы катарларда бакылдап сүйлөп, сиз деле шайлап келгенсиз. Кайра аларды жыга чапкан жагынан дагы камчы салдырбаган саясатчылардын алдыңкы сабында турасыз. Президенттик диктатура орногон коңшулардын атасына көз артканыңызды кандай түшүнсө болот?))) Сизди Конституциянын атасы деп жүргөн жайыбыз да бар, бул жагынан алганда, баш мыйзамга бакыйта салым кошкон адам катары, эл айтмакчы, баш бакандардын жетеленме болуп калбашына сиз дагы күйсөңүз, сиздер түзүп кеткен баш аламан системада акыйкат шайлоо өтүп, капчыктуулар келбешине кошулуп аракет көрсөңүз деп суранат элем. Мейли бүгүн иштеп жаткан өкмөттү жаратпай кетирдик дейли, башка өкмөт жыргатып иштерине сиздин, өзүңүздүн көзүңүз жетеби?

Парламенттик башкаруу дегендин аркасынан акчалуулардын депутат болуп келишине сиздер чапкан жол ыңгайлуу жол болуп берди. Жана ошол парламенттеги баюуну гана көздөгөндөрдүн аракетинен улам өкмөт качан да болсо иштей албайт деген дооматтарга калып, жылдар чубалып өтүп жатат. Бул менин жеке пикирим жана туура кабыл алат деп ишенем”,-дейт журналист Аида Надырбекова.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости