Казакстан менен Кыргызстан ортосун "кара мышык" аралады

Казакстан менен Кыргызстан ортосун

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстан боюнча доо-арызын даярдоодо. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин соода жана интеграция боюнча вице-министри Жанель Кушукова билдиргенин жазып чыгышты. Буга чейин Кыргызстан казак тарап ар кандай чектөөлөрдү коюп, соода жүгүртүүгө тоскоолдук жаратканын айтып ДСУга арызданган эле. Эрегишип жатабы же чын эле биз тарапта мандем барбы? Казакстан дооматка жооп кайтарып, Кыргызстан бажылык башкаруусун колго ала албай, Казакстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине зыянын тийгизип жатканын билдирген. Учурда Кыргызстандын улуттук мыйзамынын дал келбестиги тууралуу ДСУга бир нече кайрылуу даярдалууда. Коңшу мамлекет ДСУга Кыргызстандан биринчи кайрылып жиберген. «Алардын доосу анча негизделген эмес. Март айында Дүйнөлүк соода уюмунун бир нече комитеттеринин жыйыны өтөт. Дообузду ошондо айтабыз»-дешүүдө Кыргызстан тарап,-деп жазып чыкты «Факты.kg» гезити бүгүнкү чыккан санында.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости