Оңой менен айыкпас илдетке чалдыккан бул каарманыбыз кумарга азгырылып, өзүнүн ден соолугуна залал келтирип алган экен. Учурда жаман оорудан толук арылганга чоң суммадагы акча каражатын топтой албай жатканын бизге ачык эле айтып берди. «Убакыттын өтүшү менен дартың күчөп кетсе тукумсуз болуп да калышың мүмкүн» деп дарыгер ачык эле айтты»-деген Кенжебек мырзанын кейиштүү бул баянын гезит бетинежарыялап коюуну туура көрдүк. Балким, анын айткандары башкаларга сабак болуп калгысы бардыр…
— Эркекчилик кылып кумарымды кандырган соң акырында минтип куурап каларым эч оюма келген эмес эле. Эмесе кеп башынан болсун. Өзүм үйлөнө элекмин. Жашым 25тен өтүп калды. Ачыгын айтканда ысык жан болгондон кийин бирөөнү каалайт экенсиң. Бир күнү иштен эрте чыгып атайын кыздарга аңчылыкка чыкмай болдум. Жаш Гвардия гүлбакчасын аралап баратсам бир кыз тамеки чегип отурган экен. Акырын басып барып билмексен болуп жанына олтуруп калдым. Сөзгө тартсам эмнегедир мени менен эзелки тааныштардай эле сүйлөшө баштады. Кундуз экөөбүз бир аз убакыттан кийин Ош базары тараптагы кафелердин бирине барып чер жаздык. Бир маалда ичкиликтен акылым тумандап өзүмдү карманалбай Кундузга тийишсем, ал эч каршылык көрсөтпөй менин ыгыма көнүп берди. Экөөбүз ошол замат кафеден чыгып таксиге олтуруп анын батирине бардык. Өзү жалгыз жашайт экен. Жүзү албырып, көздөрү жалжылдаган Кундуз күлүмсүрөп: — Кеша, сактануучу каражатың барбы?-деди чечингенге камданып.
— Жок… Эми эмне кылабыз?-дедим кабагымды бүркөп.
— Башында ойлонуш керек эле. Эмесе ишти баштабайсыңбы?-деп тилин жаланып дүүлүктүрүп жиберди.
— Сага ошол эле керекпи?-деп алкымынан аймалап кирдим. Ошону менеп болоор иш болду… Эртеси ишке барганда өзүмдү мурдагыдан башкача сезе баштадым. Табарсыгым толгонунан дааратканага барсам заарам жакшы чыкпай меники ачышып кирсе болобу. Ал күнү кыйналгандыктан бир шылтоону айтып шефимден суранып алып, түштөн кийин дарыгерге барып көрүндүм. Иштин жайы ошондо билинди… Көрсө, баягы кыздан жаман оору жуктуруп алган экенмин. Андан кийин он күн катары менен барып укол алсам да эч оңоло албай койдум. Дарыгер керектеле турган күчтүү дарыларды жазып берди. Бирок, таптакыр жылыш болбой койду. Ал учурда кычагансып ата-энем «үйлөн, сага кыз таап койдук» деп айламды кетире башташты. Дарыланганга бир топ акчам кетти. Акырында үзүлбөгөн үмүт менен дагы бир дарыгерге бардым. Ал менин ден соолугумду бир сыйра текшергенден кийин башын чайкап: — Иним, иш чатак… Сен жакшылап дарыланбасаң болбойт. Убакыттын өтүшү менен дартың күчөп кетип тукумсуз болуп калышың да мүмкүн,-дегенде кадимкидей кыжалат болуп ордумдан атып туруп: — Байке, бүгүнкү күндөгү медицинанын күчү мени айыктырганга жетпейби? Жашырбай чынын айтыңызчы!-дедим үнүм каргылданып. Дарыгер эч үндөбөстөн бир топко чейин мага боору ооругандай түр көрсөтүп тиктеп турду. Менин тынчым кетип жатканын байкады окшойт. Далыга таптап: — Сени толук комплекстүү дарылаганга эки миң долларга жакын акча каражаты кетет. Ошондо да биротоло айыгып кетериңе кепилдик бере албайм. Себеби уруктугуңду жараксыз кыла турган инфекция кирип кеткен,-деп менин ден соолугума бир топ эле коркунуч жаралгандыгы тууралуу ачык маалымат берди. Мындай жагымсыз сөздөрдү укканда аны менен чала-була коштошуп алып сыртка чыктым… Андан бери арадан алты ай өттү. Дарыгер айткан акчаны чогултмак тургай өзүмдү жакшы карай албай калдым. Азыркыдай аянычтуу абалга туш болгонума бир гана өзүм күнөөлүмүн. Андыктан башкаларга «көрүнгөн кыз менен эле жакындаша бербегиле» деп баса белгилеп кетмекчимин. Эркек киши абайлап жүрбөсө ушинтип жаман ооруга тез эле чалдыгып калат экен. Эмесе өзүңөргө сак болгула! Антпесе…
Даярдаган: Нурболот ИСРАИЛОВ
Булак: “Багыт.kg”