Чиркин бу жашообузда эмнелер гана баштан өтпөйт. Ар бир кадамыңа аяр мамиле жасабасаң жаза тайып, күтүүсүз соккуга өзүң кабылып калышың да мүмкүн. Балким, ата-энемдин берген тарбиясынан уламдыр, учурда заманыбыздын өзгөчө популярдуу болгон көрүнүшүнө, түрдүү молдо, бакшы, төлгөчү, көзү ачык дегендерге кымындай ишенчү эмесмин. Бүбү-бакшыларга, көзү ачыктарга берилип кеткендерди такыр жактырчу эмесмин. Алар кандайдыр «эски» кишилердей туюлушаар эле. Аларды «эски» көрүп, өзүмдү андай «сорттогу» адамдардан өйдө сезип жүрүп айлана, атүгүл менден аркан бою өйдөдө жүргөн «элит-эшелон» да мындай бүбү-бакшыларсыз жашабай калгандыгын байкабай калган экенмин. Балким, Урмат байке менен таанышпаганымда, ошол ишенбеген бойдон кала берер белем, ким билет? Айтор, жашоомдо бир туруп өзүм да ишенбей кетчү окуя болду. Курбу кыздар менен денеге батпай алып учурган жаштыктын эсесин бир чыгарып коймокко кафеге барганбыз. Супер заманбап музыка, өчүп жанган жарыкка кошо канды кызыткан кызыл вино кошул-ташыл болуп, көздөр оттой күйүп-жанып, өзүбүз менен өзүбүз жыргап отуруп, айланабызга жакшы көңүл да бөлбөсөк керек. Столубузга аты-жөнү белгисиз жандан вино менен торт келгенде, бир саамга эмне дээрибизди билбей туруп, анан дуулдап кирдик. Оюбузда мындай айкөл жигитти ар кимибиз ар түрдүү элестетип отурсак керек. Курсагы челкейген, быртыйган кыска буттары менен баспай эле тоголоно жылып бараткандай көрүнгөн күлкүлүү кишини көзүм чалган. Ортодо бийлеп жатып бизди тиктеп отурган ал кишини көрүп «Ушул жанга эмне бар? Жылуу-жумшак кемпиринин маңдайында мурун тердете чайын ичип отура бербейби» деп ойлоп да койгом. Баарыбыз кубанып, тамшана жеп жаткан тортту ушул зал толтура сымбаттуу жигиттер эмес, дал ошол киши жөнөткөнүн, болгондо да мага арнап жөнөткөнүн билгенде чычалай чалкаман кеттим. Терим тескери айланып калганын өзү да сезди белем, алгач жагалдана курбуларым менен таанышып, мага жалжаңдап жаткан кишинин деми кайта түштү. Эми башка арга кылып көрөйүн дедиби, айтор дасторконду дүйүм тамакка заматта толтуруп, достору менен биздин столго келип калышты. Кептен кеп чыгып отуруп «кой» дегениме болбой жатып курбу кызым кайда иштерибизди, жумуш телефонунан бери айтып жибериптир. Ошол күндөн тартып Урмат байке мага тынчтык бербес болду. Жумушка күнүнө 10 ирет чалып, жол белден тосуп, арзуусун айтып күйгүзөт. Акыры катуу айлам кеткенде, арына келсин деп «сакалыңыз сүйрөлүп калган кезде небереңизге ылайык келер кызга асылбай жайына койбойсузбу» деп катуу айтып басып кеткем. Ойлонбой туруп айткан бул кебим канчалык азап-тозокко салаарын билген болсом, тилимди тишиме ката тиштенип унчукпай койбойт белем. Кантсе да кебим катуу тийген экен. Кудай жалгап «тынчып калды» деп башында кубанып жаткам. Ал арада баягы эле курбум «Урмат байке келбейт экен. Мен анын досуна жолугушум керек, шерик болуп барып кел» деп жанымды койбой асылып жатып дагы бир ирет кафеге барып келгенбиз. Эки дос сүйлөшүп алып ошол күнү мени «жайлашкан» экен. «Кечээ Россиядан силерге ала келдим» деп экөөбүзгө эки шоколад карматып, кофе алып бергенине жыргап ичип-жеп алып кете бергенбиз. Атын укканда «тарс» эле чалкаман кетчү жаным ушунчалык «жоошуп» калыптырмын. Андай өзгөрүү кийин уксам, ошол шоколаддан кийин болгон тура. Алты ай бою жаныма жуутпай жүргөн байкемди кийинки күндөрү кадимкидей сагынып, көрбөй калсам куса болуп, жүрөгүм сайышып, ачышып чыкчу болду. Атүгүл, издеп калчу болуптурмун. Баягы катуу айткан кебиме өчөшүп, «Өзүңдү секелек кыз сезгидей ким элең? Сакалы сүйрөлгөндү көрсөтөм мен сага» деп эч кандай сүйүүсүз эле менден өч алмакчы болуп жүргөнүн кайдан сезем, оозумду ачып жүрүп. Анын бул максатын өтө кеч угуп-билип түшүндүм. Түшүнгөндө да өтө кеч болуп калган эле. «Мыш» болуп ара жолдо калгандан соң, билдим ал адамдын карасанатай жоругун… «Ушунча байлыгым, бийлигим турса, мени чанып кетчүдөй ким экен?» деп өчөшкөн тура. Башым тең бөлүнүп кетчүдөй солкулдап ооруп, түнү бою уктабай чыкчу болуп, мындай азаптан улам арыктап, терим менен сөөгүм эле калыптыр. Врачтардын берген дары-дармеги таасирин бербегенден, айласы кеткен апам белгилүү бир көзү ачык аталган жанга алып барды. Ичимде «Эмнени кыйратмак эле? Ушул менин жашоомдо эмнени өзгөртүп, же оңдоп ийет» деп кыйын болуп жаткан жаным көзү ачык «а» деп сүйлөй баштаганда эле, Аллам оозуман түшө отуруп калдым. Окуп бүткөн, иштеген жерлерди, курбу-курдаш, досторумду, кесиптештеримди айтып келип, «Былтыр бир өзүңдөн улуу киши менен таанышыптырсың. Жинине тийсең керек. Эгер жакшы көңүлү болсо, мынчалык катуу окутмак эмес. Башыңды айлантыптыр да таштап кетиптир. Үмүт этпей эле кой. Баары бир кайтып келбейт. Жакшы көрөм, үйлөнөм» дегени калп. Башыңдын ооруганы, ачууңдун чукул келиши да ошондон. Ысытманы татар адамга жасатыптыр. Алардын дубасын өзүлөрү гана чечип кайтара алышат. Биздин күчүбүз жетпейт. Эртерээк кайтарма окутпасаң, жаш экенсиң жагымсыз окуялар болуп кетиши мүмкүн. Татарлардан издештиргиле» деп бизди узатып койду. Урмат байке жөнүндө бир ооз кеп айтпаган апама төкпөй-чачпай баарын айтып берүүгө аргасыз болдум. Бир туруп аны каргап-шилеп, кайра мага боору ачый ыйлактаган апам татар молдо тапкыча бир топ мезгил өттү. Ал ортодо менин жашоом жөн эле коркунучтуу кинонун сценарийине окшоп кетти. Жумушка шашып баратып тайгаланып кетип бутумду сындырып, эсеп-чоттон адашып кетип мойнума чоң сумма илинип, деги койчу, биринин артынан бири ээрчий жагымсыз окуялар жанды койбой жатты. Качан гана татар молдо таап ырым-жырымын жасаткан соң гана жашоом оңоло баштады. Урмат байкени ойлоп, ыйлап-сыктап жатып күлгөндү да унута жаздаган экенмин, азыр Кудайга шүгүр, кадимкидей күлүп калдым. Турмуштан алган бир сабагым, белекке келген таттуу-маттуу тамак-ашты ошол адамдын өзүнө (кандай да болбосун) ооз тийгизмейин жебей калдым. Анткени татар молдо ушул нерсени көп айтып жатты. «Эгер көңүлүңө ошондой ой кетсе, дегеле шекшибесең деле ооз тийгизмейин жебегин» деди. Экинчи ирет мындай азапка батууга чыдай албасымды сезип, мүмкүн болушунча ал молдокенин айткандарын кыйшаюсуз аткарып жүрөм.
Айжан М., Бишкек шаары
Булак: “Шамбала”