Жети жашынан тартып мектеп босогосун аттаган бала үчүн туруктуу чөйрө, көнгөн жайда билим алуусу өтө маанилүү. Бирок ар кандай шартка байланыштуу ата-эне баласынын мектебин которууга аргасыз болот. Анын жашоосундагы бул бурулуш стресске алып келбеш үчүн алдын ала аракет кылган оң.
Мектеп алмаштырууга жөндүү себептер:
Эгер баштапкы класстарда баланын сабактарга кызыгуусу жок болсо, коомдук иштерге катышкысы келбесе, мүнөзүндө өзгөрүү болуп түнт тартса мугалим менен сүйлөшүп көрүңүз. Психологго кайрылуу ашыкча болбойт. Адис балаңызга чөйрө эмнеси менен жакпай жатканын жана ага кандай мектеп ылайык экенин аныктаганга жардам берет.
Сабактарды мыкты окуйт, баарынан алдыга озуп өткөн, бирок мектепте эригет. Бул кырдаалда, балким, сиздин балаңызга программасы күчөтүлгөн мектеп керек болушу мүмкүн.
Мугалим өтө катаал, анын тапшырмасын аткарууга бала болгон дитин жумшайт. Сабагын аткарбай калса мугалим урушат деп коркот. Күндөлүктөгү баа ал үчүн өтө маанилүү. Мындан улам балада невроз, психикалык оорулар козголушу мүмкүн.
Мектептин программасы өтө оор же балаңызга ылайыксыз. Мисалы, уул же кызыңыз тил багытындагы сабактарга жөндөмдүү болсо, сиз математика багытындагы мектепке берип койдуңуз. Мындай учурда бала бат эле четке сүрүлүп чыгат. Жыйынтыгында балада “мен башкалардай күчтүү эмесмин” деген ой түптөлөт.
Эгер балаңызды шылдыңдап, классташтары теңине албаса, мектеп алмаштыруу тууралуу ойлонуу керек. “Бара-бара жөндөлүп кетет, оңолот” деп күтүүдөн убакыттан уттуруп, баланын аң-сезимине доо кетирип аласыз.
Мектеп менен үй-бүлөлүк баалуулуктар дал келбесе. Байлардын балдары окуган чөйрөгө туш келип калсаңыз, балаңыздын кийген кийими башкалардыкынан жупуну болсо, бул да баланын толук кандуу билим алуусуна тоскоол болот. Андыктан алыңызга жараша мектеп тандаган оң.
Мектеп алмаштырууга негизсиз себептер:
Жашаган жер алмашканда жакын болсун деп аны менен кошо мектепти алмаштыруу керек деген түшүнүк дайыма эле туура эмес. Мектеп менен үй өтө алыс эмес болсо, баланы стресске дуушар кылуунун зарылдыгы жок. Өзүңүздөн мурда анын ыңгайын биринчи орунга коюңуз.
“Күчтүү мектеп экен” деген кимдир-бирөөлөрдүн кеңеши менен мектеп алмаштыруу да ката болуп саналат. Которордон мурда ал мектептин программасын балаңыз өздөштүрүп кете алабы же өздөштүргүсү келеби деген суроого жооп издеңиз.
Бала классташтары же мугалим менен тил табыша албаса, мектеп которуу менен маселе чечилбейт. Ал көйгөй жаңы мектепте да жаралышы мүмкүн. Андыктан баланы кичине кезинен кыйынчылыктарды жеңүүгө, ката өзүнөн кетсе ондогонго үйрөтүү керек.
Мектепти ата-эне тандайт, бирок баланын каалоосу, уруксаты менен гана алмаштырган оң. Эгер бала каршы болсо, аны мажбурлап мектеп которуу туура эмес.
Жаңы чөйрөгө алдын ала даярдоо зарыл
1. Баланы жаңы мектепке дароо эле алып барып киргизип койбой, алгач имараттын айланасында сейилдеп, жаңы мугалим менен тааныштырып моралдык жактан даярдоо зарыл.
2. Жаңы окуучунун тез көнүп кетишине мугалим да кызыкдар. Андыктан бала көнүп кеткиче андан жардам сурагандан тартынбаңыз. Балким, мугалим сиздин балаңыз мектептин босогосун аттаганда классташтарына тааныштыруунун кызыктуу ыкмасын ойлоп табат.
3. Балаңыз окуп баштагандан тарта анын мектептеги жашоосуна кызыгуу артыңыз. Жаңы классташтардын аты ким экен, кайсы окуучу менен отурду, кимиси жакты, кайсы мугалим сабакты жакшы өтөрүн маал-маалы менен сурап туруу ашыкча болбойт.
4. Алгачкы айларда балаңыздын сырткы келбетине кам көрүүсүнө жардам бериңиз. Бырышпаган шым, таза, бүтүн сумка, тыкан таралган чач жасалга айланадагы адамдардын урматына гана арзыйт.
5. Арадан белгилүү убакыт өткөндөн кийин кандай дос тапканын сураңыз. Ал досун үйгө чакырууга, чогуу сабак окуганга уруксат берсеңиз ашыкча болбойт.
6. Жаңы мектеп которгон убактан тартып дароо баладан мурдагы билимди талап кылбаңыз. Мурда жалаң бешке окуган баланын жетишкендиктери ылдыйлашы мүмкүн. Эки мектептин окуу программасында айырма болушу мүмкүн. Жетишпеген сабактарынан кошумча курстарга берип чогуу аракет кылсаңыз, натыйжа жакшы болот.
7. Окуу жылынын ортосунда же жыл аягында мектеп которуу туура эмес. Жаңы окуу жылынын башында алмаштырсаңыз, балага аз да болсо жеңил болот.
Кайсы куракта бала мектеп которууну жеңил өткөрөт?
7-10 жаш: Баштапкы класстын окуучусу үчүн мугалим маанилүү адам. Мугалим менен жакшы мамиледе болгону ага ишеним тартуулайт. Мындай ыңгайлуу адамдан айрылуу жеткинчек үчүн өтө оор.
Кеңеш: Бир жолу жакшы мугалим табылды, эми кийинкисинде андан жакшысы жолугат деп көндүргөн оң. Мисалы, мугалимдин туулган күнүндө же кесиптик майрамында куттуктап келебиз, кааласаң дайыма байланышта болосуң деп макулдашсаңыз болот.
11-15 жаш: Бул куракта бала өзүнүн чөйрөсүн аныктап, дос күтүп калат. Башка класста аны даяр чөйрөгө эч ким дароо кошпойт. Мындай коркунуч баланы ойлонтот. Бул курактагы балдар үчүн сырткы келбет, кийим, чач жасалга роль ойной баштайт.
Кеңеш: Балаңыз ушул куракта болсо сырткы келбетине көңүл буруп, элден кем эмес кийиндириңиз. Адам менен тил табышууну үйрөтүңүз. Жаңы классташтары деңгээлине жараша ар кандай тосуп алуусу мүмкүн. “Жемиңди жедирбе”, “бир нерсе болсо мага айт” деген кеңеш жардам бербейт. “Өзүңдү жакшы жагыңан көрсөт”, “Сендеги артыкчылыктар менен сөзсүз жакшы дос табасың” деп ишендирүү зарыл.
16-17 жаш: Өткөөл куракта баланын маанайы бирде чөгүп, көтөрүлүп, эмоциясын колго ала албаган учур. Аны жаңы жамаатта дал ошондой эмоционалдуу балдар күтүп турат. Калыптанып калган чөйрөгө баш багып дароо сиңип кетүү оор болот.
Кеңеш: Ата-эненин колдоосу өзгөчө роль ойнойт. Туулган күнгө, майрамга карата эс алуу уюштуруп туруңуз. Анын кызыкчылыктарын колдоңуз. Бул куракта өспүрүмгө эч ким аны түшүнбөй аткандай сезим жаралат. Эгер сиз колдобосоңуз же жаңы жамааттан орун таба албаса бала өзүн жоготуп алуусу мүмкүн.
Психологдордун айтымында адамдын келечекте жашоого болгон жөндөмү, башкалар менен тил табышып иштөө артыкчылыгы, лидерлик сапат, кулк-мүнөзү мектеп курагында калыптанат. Бала ушундай сапаттардан кур калбаш үчүн ата-эне шарт түзүп берүүсү керек. Эгер бала мектеп которууда жамаатта өзүнүн ордун таба албаса басынып стресске, депрессияга кабылат. Бул нерсе анын түнт тартып, терс сапаттарынын калыптануусуна шарт түзөт. Адамдын ачуулуу, ичи тар, ийгиликсиз болуусуна жашоосундагы ушундай бурулуштар да себепкер болот. Айрым учурда стресске кабылган өткөөл курактагы бала суицидке баруусу мүмкүн.
Анара Дүйшөналиева
Булак: «Леди.kg»