ЖОЖдун окутуучулары студенттерге кысым көрсөтүшүп, паспортторун алып коюшуудабы?

ЖОЖдун окутуучулары студенттерге кысым көрсөтүшүп, паспортторун алып коюшуудабы?

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тургундардын шайлоо өтчү шаарларга массалык каттоого туруп жаткандыгы боюнча сөз кылышууда.

БШКнын төрайымы Шайлдабекова Нуржан бул маалыматты тастыктап: “Ооба, мындай факт бар. Бирок жарандар каттоого турган жерин гана өзгөртүшүп, паспортундагы даректери өзгөрүлбөгөн боюнча калды. Жаңы үлгүдөгү паспорттордо каттоо орду алмашкандан кийин чиптеги маалыматтар дагы өзгөрүлүшү зарыл. Эгер андай болбосо, аталган жарандар шайлоого катыша алышпайт”,-деп билдирди.

Ал эми айрым депутаттардын айтымында ЖОЖдун кээ бир мугалимдери студенттердин паспортун зордоп алып коюшууда. Калкты тейлөө борборлорунун айрым кызматкерлери өз үйүнө 400-500 кишини каттоого тургузгандыгы, демек, коррупция бар экендигин айтышты. Бул маселе боюнча ИИМ иш алып барыш керектиги маалымдалды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары бир батирге каттоого туруучу жарандарга чек коюлбай тургандыгын айтты.

Эске сала кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка кол койду. Ага ылайык Ош, Каракол жана Токмок шаардык кеңешине шайлоо ушул жылдын 12-апрелинде өтөт. Мындан сырткары, дагы бир нече айылдык, шаардык кеңештердин курамы алмашат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости