Коронавирустан каза болгондордун саны 908ге жетти

Коронавирустан каза болгондордун саны 908ге жетти

Дүйнөдө коронавирус илдетин жуктургандардын саны 41 миң адамга жетип, каза болгондордун саны 908 адамга жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, илдетти жуктургандардын ичинен 3281 адам айыккан. Ал эми 29 миң адам коронавируска шектелип ооруканаларда жатат.

Эске салсак, эпидемия былтыр декабрда башталган. Адамдан адамга жуккан вирус көп учурда өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке байланыштуу глобалдык алкактагы чукул кырдаал жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости