Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал кандай?

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал кандай?

7-январдан 8-январга караган түн чек ара аймагында тынч болду. Бул тууралуу Кыргызстан Мамлекеттик чак ара кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой кыргыз-казак тилкесиндеги мамлекеттик чек ара кырдаалы туруктуу. “Кең-Булуң-унаажолу” жана “Токмок-унаажолу” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жүргүнчүлөрдүн өтүүсү көбөйгөн. Негизинен жолоочулар Казакстандан өтүп жаткан аялдар жана балдар. Чек арада конфликт учуру катталган жок. Чүй облусундагы өткөрүү пункттарында күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат”,-деп билдиришти.

Эске сала кетсек, акыркы маалыматтар боюнча Казакстандын Масанчи айылында чыккан массалык ызы-чуудан сегиз адам каза болуп, 40 адам жабыркады.

Министрдин айтымында Масанчи айылында чыккан массалык мушташта 70 адам катышкан. Дагы коңшу айылдардан 300 адам кошулган. 47 адам кармалып, куралдар алынды.

Окуя тууралуу

Казакстандын Жамбыл облусунун полиция департаментинин маалыматы боюнча, 7-февраль күнү Сортөбе айылында укук коргоо органдары Honda Odyssey унаасын токтоткон. Документин текшерүү учурунда адиминистративдик эрежелерди бузуу аныкталган, бирок айдоочу полиция кызматкерине көңүл бурбастан качууга аракет кылган. Ал өзүнүн үйүнө келип, аркасынан полиция кызматкерлери кууп барган. Эреже бузган адам туугандары менен укук коргоо органдарына каршылык көрсөтө баштаган. Полиция кызматкерлери бир нече дене жаракатын алышкан, кызматтык унааны таштар менен урулган.

Полицияга кол салгандардын экөөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Адиминистративдик жана кылмыш иши козголду.

Андан кийин Масанчи айылында жергиликтүү элдин арасында массалык мушташ чыккан. Укук коргоо органдары кырдаал көзөмөл астында турганын билдирди. Учурда мушташка катышкандар такталып жатат. Казакстандын президенти провокация болгонун жана мамлекеттик органдарга бир катар буйрук бергенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости