ВИДЕО — Валентина Шевченко кайрадан чемпион!

ВИДЕО - Валентина Шевченко кайрадан чемпион!

9-февралда Хьюстон шаарында (Америка, Техас штаты) UFCнин кезектеги турнири өттү. «UFC 247» турниринде чемпиондук кур үчүн оор салмактагы Джон Джонс менен Доминик Рейес мушташса, турнирдин башкы беттешинде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен Кэтлин Чугагян күч сынашты.

Ал АКШ мушкери Кетлин Чукогян менен беттеште Шевченко үстөмдүк көрсөтүп, үчүнчү раундда атаандашын нокаут менен жеңди.

Валентина Шевченка өзүнүн беттешинин аягында кыргызстандыктарга колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип: «Түбөлүк бирге!» деп айтты. Шевченканын карьерасындагы бул жеңиши чемпиондук титулунун 3-ирээт коргоп калышы болду.

Эске сала кетсек, Шевченко 2019-жылдын августунда америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен утуп алган. Биринчи жолку чемпиондук титулун коргоодо америкалык Жессика Айды техникалык нокаут менен жеңген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости