ВИДЕО- Коронавирус менен ооругандар менен медиктер бийлеп жатышат

ВИДЕО- Коронавирус менен ооругандар менен медиктер бийлеп жатышат

Берилген видео Коронавирус оорусу чыккан Кытайдын Ухань шаарында бейтаптарды дарылоо үчүн курулган убактылуу орууканалардын биринде тартылган.

Кадрлардан улуттук музыканын коштоосунда бейтап менен бийлеп жаткан эки медикти көрүүгө болот. Алар коргоочу костюмдарды кийип алышкан. Оорулуулар бири-биринен бир жарым метрдей алыс туруп бийлешкен.

Маалыматта мындай аракети менен оорукананын кызматкерлери бейтаптардын маанайын көтөрүү үчүн жасашканы айтылат.

Акыркы маалыматтар боюнча, оорудан каза тапкандардын саны 1 113 адамга жетти. Ал эми Кытайда вирус жуктуруп алгандар 44,6 миң киши болду. Анын 4 740ы сакайып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости