Коронавируска каршы Женевада эл аралык форум өтүүдө

Коронавируска каршы Женевада эл аралык форум өтүүдө

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска (2019-nCoV) каршы эл аралык күрөштү күчөтүү, изилдөөлөрдү жана жаңы ыкмаларды табуу маселесин талкуулаган форум өткөрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

11-12-февралда Женевада өтө турган форумга дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары, саламаттыкты сактоо тармагындагы уюмдар жана өкмөт өкүлдөрү катышат. Талкуунун жүрүшүндө диагностика, профилактика жана вирусту дарылоо ыкмалары, вакцинаны табуу боюнча сөз болот.

Кытайда күч алган вирус жуктургандардын саны 42 миң 500 кишиге 1016 бейтап вирустан каза таап, 3996 киши айыкканы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости