Күйөөсү өрт койгон келин аны кечирген арызынан кайра баш тартууда

Күйөөсү өрт койгон келин аны кечирген арызынан кайра баш тартууда

Ысык-Көл облусунда күйөөсү өрт коюп, жабыркаган келин Сатина Бабаканова аны кечирген тосмо арызынан кайра баш тартып жатат.

Маалыматка караганда, тосмо арыз жазылганы анык, бирок андай кадамга барууга ар кандай кысым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү түрткү болгон.

«Түрдүү телефон номерлерден чалып, өлтүрүп кетүү, ден соолугуна зыян келтирүү жөнүндө опузалар болгон экен. Бирок ал өз арызынан баш тартып жатат, «колдобойм, мыйзам чегинде жоопко тартылсын» деп. Арызды Сатинанын атасы жазган экен», — деди жактоочу Назира Абдумуминова.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы буту,колу, бети кошо өрттөнгөн Сатина айым милицияга тосмо арызы менен кайрылганын билдирген эле.

«Январь айынын этегинде 33 жаштагы Сатина Бабаканова күйөөсү Н.Ч.га карата нааразылыгы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Анын айтымында, күйөөсү менен мындан ары үй-бүлөнү бузбай, чогуу жашоону уланткысы келет.», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, окуя 4-январь күнү Каракол шаарындагы борбордук базарлардын биринде болгон. Анда күйөөсү Сатинага бензин куюп, аны кызганычтан улам өрттөп жибергени айтылган.

Аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, КР Жазык кодексинин «Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү Н. Ч. эки айга камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости