Видео – Египеттик циркач эл аралык сынактарга Кыргызстандын атынан чыгабы?

Видео – Египеттик циркач эл аралык сынактарга Кыргызстандын атынан чыгабы?

Кыргыз элинин тарыхын окуп чыккан, Египеттик цирк артисти Хамада Кута эл аралык сынактарга Кыргызстандын атынан чыккысы келет. Бул тууралуу ал, жергиликтүү маалымат булактардын бирине айтып берди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстан элинин меймандостугу, өлкөнүн аба ырайы, кереметтүү Ысык-Көл, бийик тоолор жана улуттук тамак-аштарыбыз жаккан.

Өлкөбүздөн кеткиси келбеген Хамада Кута, Кыргызстандын жарандыгын алуу өтүнүч менен өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылууну көздөп жатат. Эгер ушул өтүнүчү ишке ашып калса, ал кыргызстандын атынан эл аралык сынактарга катышат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости