Шашылыңыздар! Оозеки салттагы профессионалдык музыканы алып жүрүүчү профессионалдар арасында кароо сынак жарыяланды

Шашылыңыздар! Оозеки салттагы профессионалдык музыканы алып жүрүүчү профессионалдар арасында кароо сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыздын салттуу музыкасы фонду 25-апрель салттуу музыка күнүнө карата оозеки салттагы профессионалдык музыканын айтуучулук, аспапчылык, аваздык аспапчылык багыттары боюнча 15 жаштан 30 жашка чейинки профессионалдар арасында республикалак кароо-сынак жарыялайт.

Кароо-сынактын 1-туру райондордо, 2-туру областтарда өтүп, 3-туру Бишкек шаарында 2020-жылдын 20-25 апрелинде Салттуу музыка Жумалыгында жыйынтыкталат.

25-апрель салттуу музыка күнүнө карата өтүүчү республикалык кароо сынак оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук, аспапчылык жана аваздык-аспапчылык багыттары боюнча профессионал музыканттар арасында ар эки жылда өтөт.

2020-жылдын 20-25-апрель күндөрү салттуу музыка Жумалыгынын алкагында өтүүчү кароо сынакка 15 жаштан 30 жашка чейинки салттуу музыкалык искусствонун алып жүрүүчүлөрү катыша алышат. Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун айтуучулук багыты боюнча: дастанчылар (кенже эпосторду, дастандарды, элдик поэмаларды аткаруучулар), санатчылар (санат, насыят, терме, арноо, казалдарды аткаруучулар); аспапчылык багыты боюнча: комуз, кыл кыяк, темир комуз жана жыгач ооз комуз, чоор, сыбызгы аспаптарында чыгармаларды аткаруучулар; аваздык-аспапчылык багыты боюнча ырчылар (ашыктык, арман ырларды, улуттук аспаптын коштоосунда элдик жана автордук, гармонь жана аккордеондун коштоосунда обончулардын чыгармаларын аткаруучулар) катыша алышат. Оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствонун: айтуучулук, аспапчылык, аваздык-аспачылык багыттары боюнча республикалык кароо-сынактын I туру райондук, II туру областык деңгээлде өтөт.

Мөөнөтү 2020-жылдын 10-февралынан 20-мартка чейин. Областтан тандалган жеңүүчүлөр республикалык, б.а. III турга жолдомо алышып, 20-апрель «Дастан» күнү, 21-апрель «Күү күнү», 23-апрель «Ыр күнүндө» Бишкек шаарында өтүүчү концерт-сынакта өнөр таймашына катыша алышат.

Кароо-сынактын максаты, салттуу музыкалык искусствонун “устат-шакирт” өнөрканасын сактоо, оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону алып жүрүүчүлөр арасындагы жаңы ысымдарды табуу, аткаруучулардан чыгармалардын нукуралуулугунун сакталышын талап кылуу менен аткаруучулуктун жоопкерчилигин арттыруу жана салттуу музыкалык искусство боюнча эл аралык сынактарга катышууга татыктуу музыканттарды таануу максатын көздөйт. Сынактын байге фонду 1 млн. сомду түзөт.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости