Кино жылдызы болгуңуз келеби? Актан Арым Кубат жаңы тасмасына кастинг жарыялады

Кино жылдызы болгуңуз келеби? Актан Арым Кубат жаңы тасмасына кастинг жарыялады

Актан Арым Кубаттын жаңы “Эсимде” тасмасына кастинг жарыяланды. Бул тууралуу Кыргызстан кинематографиясынын департаментине таянып, жергиликтүү маалыматтардын бири жазып чыкты.

Тасмада роль жаратуу үчүн эки кыргыз аял, үч эркек (кыргыз, татар жана орус) жана беш-жети жаштагы кыргыз кыз керек.

Кастингдин катышуучуларына коюлган негизги талап кыргыз тилин билүү.

Кинодо тажрыйба каралбайт.

Сүрөттөрдү жана өздүк маалыматты Kadam22@mail.ru почтасына же WhatsАpp/Telegram 0553594868 жөнөтсөңүз болот. Кичинекей кыздын ролундагы талапкерлер кыскача ыр же монолог айткан видеосун жөнөтүү зарыл.

Продюсер Алтынай Койчуманова билдиргендей, бул тасма эс тутумун жоготуп, көп жылдан кийин өзүнүн айылына келген адам жөнүндө болот. Ага кайра эс тутумун калыбына келтирүүдө сүйүүнүн күчү жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости