Сайкал Садыбакасова: "Жигитим апамдай күчтүү болушу керек"

Сайкал Садыбакасова:

Сайкалдын үнү, ар бир чыгарманы жан дилинен берилип аткарганы күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт. Анын репертуарындагы жаңылыктардан улам мээнеткеч адамдардын катарына кошсок болот. Ырчы айым чыгармачылыгындагы жана жеке жашоосундагы жаңылыктары менен бөлүштү.

— Сайкал, жазга азыртадан кам көрүп жаткан окшойсуң?

— (Күлүп) Мүчө-келбетиме карата суроо берип жатасыз го?.. Былтыр катуу ооруп, гормоналдык дарыларды ичүүгө туура келди. Акырында 86 килограммга толуп кеткем. Өз алдымча диета кармап, ар кандай дарыларды ичип арыктаганга аракет кылдым. Бирок андан да жүрөгүм ооруп тахикардия болдум. Ушундан улам өз алдыңарча арыктаганга аракет кылбагыла деген кеңеш берет элем. Акырында белгилүү компаниянын арыктоо тууралуу программасын тандадым. 15 килограммга арыктагандан тышкары энергиям да көбөйүп, сергек ойгонуп калдым. Дагы деле салмак таштоонун аракетиндемин.

— Көп эле ырчылар ар кандай фирманын дарылары менен арыктайт. Дээрлик баары аны жашырып келишет. Сен эмне себептен ачык айтып инстаграмм баракчаңа бөлүштүң?

— Негизи, элдин алдында жүргөндөн кийин күйөрмандарың арык бойдон көрсө экен дейсиң да. Анын артында кандай түйшүк жатканын майдалап ачыкка алып чыккың деле келбейт. Мен башында ал компанияга арыктоо максатында баргам, кийин ден соолугумда жакшы жылыштар болгондуктан, элге пайдалуу маалыматты бөлүшкүм келди. Арыктагысы келгендер үчүн башындагы мен кетирген катаны кайталабасын деп ачыкка алып чыктым.

— Кайра толуп кетпөө үчүн күчтүү эрк керек эмеспи. Бул жагынан кандайсың?

Мен таттууга жакынмын. Ал жагынан чыдабай кетем. Кээде торт жеп коюп жатам. Аны да түштө жеп, кечке чейин сиңирип калдым. Жашоодо деле эрким күчтүү, сөзүмө турган адаммын. Кылам деген нерсени кылам. Бирок ошол эле учурда эч кимге зыян келтирбей кылам.

— Өткөндө түз эфирде апаңа байланышка чыгып “сизди жакшы көрөм” десең чочуду го. Негизи, канча убакытта бир сезимиңди айтып турасың?

Жакын адамыбызга күндө эле жакшы көрөм деп айта бербейт экенбиз. Эфирден кийин ушул сөздү апама күндө айтып турсам эмнеге болбосун деп ойлонуп калдым. Ошол күнү телефондон жүз жолу сүйлөшкөнбүз да. Чыгармачылыкка байланыштуу форма тиктирип, ыр жаздырып, аны апама жөнөтүп байланышта болчубуз. Негизи, апам мени катуу кармайт. “Клипти тез бүтүр” деп бир аз урушуп койгон эле. Эфирде экенимди билбейт болчу. Анан эле жакшы көрөм деп баштасам оюна ар кайсы нерсе кетти окшойт. Дагы бир далай сөздөр менен урушуп жибербесе экен деп жаттым эле. Ырас, унчуккан жок. Негизи, мен бир нерсени туура эмес кылсам, апама ачык эле айтам. Эч нерсе жашырбайм. Жашырып ичиңден бышып жүргөндөн көрө ачык айтып апамдын урушун укканым артык. Апам мен үчүн басып жүргөн энциклопедия. Кайсы учур болбосун кеңеш, туура чечим ала алам. Кээде укпай өз билгенимдей жасайм, бирок аягында апам айткандай кылсам болмок экен деп калам.
— Капа кылган учур болобу?
— Кээде капа кылган учурум болот. Урушуп койсо бекинип, жаман көзүм менен карап же көк беттенбейм. Тил уксам ыйлап жиберем. Кайра өзү катуу кетип калганын сезип сүйлөп калат. Менден кетсе кечирим сурап, өөп койсом жарк этип эле жазылып калат. Урушубуз 5 мүнөткө созулат.
— Иниңдин да чыгармачылыкка жөндөмү барбы?
— Азыр иним экөөбүз чогуу турабыз. Эркин 4-5 тилде сүйлөйт. Ырчылыкка жөндөмү бар. Бирок анын ырчы болушун колдобойм деле. Апам, тескерисинче, “сенден жакшы ырдап кетиши мүмкүн” деп колдоп жатат. Өткөндө “бир үйдүн тиреги болосуң, сенден башка ырчылар деле жетишет, башка олуттуу кесипти аркала” деп кеңеш берсем көндү. “Билимимди дагы бекемдейин” деди. Иним экөөбүз жакшы сырдашпыз. Менин жашоомдогу эң жакын адамым, ошого жараша күйүмдүү бала болуп чыкты.
— Байланышканыбызда студиядамын дедиң. Жаңы чыгарманын үстүндө иштеп жатасыңбы?
— Буга чейин “Эркелей берем” деген жаңы чыгарманын үзүндүсүн баракчама киргизип койсом, элден жакшы пикир уктум. Чыгарманы толугу менен 14-февралда өзүмдүн каналымда бет ачарын кылам. Мен ар бир чыгармамды берилип, угармандын жүрөгүнө жеткирип ырдагым келет. Андыктан бир чыгарманын үстүндө көп изденем.
— “Кыз-Бурактын” жаңы курамы кандай иштеп жатат?
— Биз топто ырдаганда үч чыгарма жаздырдык. Азыркы кыздар таланттуу, такшалып калышты. Кээ бирлер “топ мурдагыдай чыкпай калды” деп жатышат. Бирок ар бир доордун өзүнүн учуру болот экен. Учурда Азиза, Айдана, Дина, Назик, Айдина аттуу 16 жаштан, 20 жаштан жогору кыздар топтун курамын түзөт. Буюрса, чыгармачылыкка билек түрүп кириштик. Келечекте ушул кыздардан жылдыздар чыгарына көзүм жетет. Ар бири идеяга бай, изденүүгө дилгир экенине күбө болуп жатам.
— Топтун ишине да көп күч жумшайсың. Ушундан көрө бир беткей болуп жеке чыгармачылыкка убакыт бөлсөм болмок деп ойлоносуңбу?
— Мага топтун жумушу оорчулук деле жаратпайт. Себеби апам баарын жетектейт. Мен аткаруучу директормун. Менин мойнумда алардын ыры, формасы, эфирге алып чыгуу, клиптерди жайылтуу жана башка жумуштар кирет. Он жылдан бери топтун иши менен жүрүп такшалып деле калдым. Эки жакка бөлүнүп иштегенге көндүм. Азыр мен топ менен ырдабайм, беш кыз өздөрү ырдашат. Мурда чогуу ырдаганда бир аз оорчулук жаралчу.
— Жакын адамым бар дедиң эле...
— Ооба, өткөндө ошентип айткам. Аны жашырганда эмне? Бирок бул адам деп аны ачык чыгаргым келбейт. Жашоодон жакшы сабак алдым. Мындан ары жеке жашоомду сыр бойдон калтыргым келет. Экөөбүздүн жакшы пландарыбыз бар, бирок ишке ашкан күндө деле элге ачык айтпайм. Мен жигитимдин сезимталдыгын, көз карашымдан көп нерсени түшүнүп турганын баалайм. Менин болочоктогу жолдошум апамдай күчтүү болушу керек. Бир сүйлөп, чечкиндүү жүргөнүн жактырам.
— Максат менен элдешти деп чыгышты. Канчалык чындыгы бар?
— Максат байке менен мамилем сый, мен үчүн дайыма жакшы адам бойдон калат. Өткөндө бир тойдон кезигип калып учурашып жатсак жанымдагылар видеого тартып алыптыр. Ал видео элге жайылып, “экөө кайра элдешти” деп жазып чыгышты. Чынында, андай болгон жок.
— Өткөндө инстаграм баракчаңа сени жамандап жазган катталуучуңду ачыктап алып чыктың. Мындай жагымсыздык көп болобу?
— Ушундай адамдар болот экен. Алар 24 саат бою бошпу же оорулуубу, билбейм. “Семизсиң” деп жеке кадырыма шек келтиргени үчүн ал адамдын сүрөтүн чыгарып жообун бердим. Эгер мага чыгармачылыгыма байланыштуу “бул ырыңды башкача кылсаң болмок, изденбей жатасың, ырдап жатканда бул кыймыл жарашпайт экен” десе, анда мен ал пикирди эске алып, оңдойм. Бирок келбетиме, жеке жашоомо жаман сөз айткандарга чыдабай кетем.

Анара Дүйшөналиева

Булак: «Леди.kg»

Назар Новости