Самара Каримова Россиянын Мамлекеттик думасынан сыйлык алды

Самара Каримова Россиянын Мамлекеттик думасынан сыйлык алды

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Россиянын Мамлекеттик думасынын депутатынын ыраазычылык баракчасына ээ болду. Сыйлыкты кечээ, 23-январда Мамдуманын депутаты Белеков Иван Итулович Самара Каримовага расмий түрдө тапшырды.

Бир нече ай мурун Өзбекстан өлкөсүнүн борбору Ташкент шаарында дүңгүрөтө концерт берген ырчы Москвадагы Кремлдин концерттик чоң залында дагы чоң программадагы концерт тартуулаган. Концертте акыркы үлгүдөгү техникалардын жардамы менен көрүүчүлөргө шоу тартууланып, Самара италиялык ырчы айым Ин-Грид (Ингрид Альберини) менен дуэт ырдаган. Ал эми Ташкентте өткөн коцертте 7 тилде чыгармаларды аткарган ырчы айым алган сыйлыгы тууралуу буларды кабарлады:

«Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында эс алып жүргөндө мени менен депутат Иван Белековдун жардамчысы байланышты. Алардын чакыруусу менен кечээ Москвага бардык. Сыйлыкты Мамлекеттик думанын жыйындар залында тапшырышты. Мени депутат Иван Белеков кабыл алып, ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле, ал эки өлкөнүн алакаларына токтолуп, маданият тармагындагы байланышты бекемдегениңиз үчүн деп алкыш айтты. Албетте, мен ыраазычылык кат алганыма абдан сыймыктанып турам. Анткени улуу державанын депутатынын колунан ыраазычылык кат алуу — бул сыймык эле эмес, менин чыгармачылыгыма болгон чоң урмат болду. Эмгегим, чыгармачылыгым элге арналат. Менин ушундай ийгиликтерге жетишиме күйөрмандарым себепчи. Анан калса менин чыгармачылыгымды жогорку деңгээлде баалаган Россиянын депутаттарына ыраазычылык».

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости