СҮРӨТ-Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду

СҮРӨТ-Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду

Бишкек баатырдын колодон жасалган эстелиги даяр болду. Бул тууралуу “Бишкек баатыр» коомдук бирикмесинин төрайымы Жамиля Алымбекова билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, Бишкек баатырдын эстелиги колодон жасалган. Анын бийиктиги 3,5 метр, ал эми пайдубалынын бийиктиги 1,3 метрди түзгөн. Аталган эстелик даяр болгондо, Маданият министрлиги менен сүрөтчүлөр галереясынын ортосуна, жолдун жээгине коюлат.Постамент Бишкек баатыру, изготовленная скульптором Адилем Сейталиевым

Эскиз постамента Бишкек баатыру, изготовленная скульптором Адилем Сейталиевым«2019-жылы мэрия тарабынан Бишкек баатырдын эстелигин жасоо боюнча сынак жарыяланган. Анда 30 скульптордун арасынан Адил Сейталиев жеңүүчү болгон. Эстеликти жасоого жарым жылдай убакыт кетти. Тышкы көрүнүшү улам өзгөрүп жаткандыктан, алгач чоподон жасалган. Баарыбыз бир чечимге келгенден кийин колодон куюлуп, эми аяктады. Эстеликтин пайдубалы жасалып бүтсө, апрелдин ортосунда аны орнотобуз», — деп билдирди Жамиля Алымбекова.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости