Кыргызстанда Жерар Депардье катышкан тасма тартылат

Кыргызстанда Жерар Депардье катышкан тасма тартылат

Кыргызстанда француз актеру Жерар Депардье жана дүйнөлүк өлчөмдөгү актерлор катышкан тасма тартылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Азамат Жаманкулов LECA production киностудиясынын продюсери Андрей Антонио Лекой менен жолугушту.

“Жолугушууда хорваттык режиссер Лордан Зафрановичтин “Лицо человека” тасмасынын съемкаларынын пландары каралды. Тарыхый сүрөттүн каарманы бала чагы Кыргызстанда өткөн, саясий жана коомдук ишмер Александр Дубчек болот”,-деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда съемканы тартуу 2021-жылга пландалып жатат.

Тасманын дүйнөлүк прокатын 2022-жылы Александр Дубчектин 100 жылдыгына карата чыгарылат.

Антонио Лека тасма жаштарды да жана улуу муундарды да кызыктырарын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости