СҮРӨТ-Өткөн жылы өспүрүмдөргө байланыштуу 17 кылмыш иши катталган

СҮРӨТ-Өткөн жылы өспүрүмдөргө байланыштуу 17 кылмыш иши катталган

Өткөн жылы Таш-Көмүрдө өспүрүмдөргө байланыштуу 17 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2020-жыл “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына карата Таш-Көмүр ШИИБнин начальниги милициянын подполковниги Азенбек Козукеевдин демилгеси менен атайын жыйын болуп өттү. Үй-бүлөлүк жана жашы жете элек өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктун, жаштар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алууга багытталган иш-чарага Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахманалы Асаналиев, шаардын прокурору Таалай Айбашев баштаган жетекчилер, имамдар, мектеп директорлору, аксакалдар соту, ардагерлер жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-жылы жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан 855 ар кандай темадагы лекциялар өтүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү белгиленди. Бирок ага карабастан Таш-Көмүр аймагында өспүрүмдөргө байланыштуу 17 кылмыш иши катталып, алар уурулук, ээнбаштык окуялары болгон. Туура эмес жолго түшкөндөргө анализ жүргүзүү учурунда алардын көпчүлүгүнүн ата-энеси миграцияда жүргөндүгү аныкталган. Буга байланыштуу милиция кызматкерлери коомчулукту балдарды тарбиялоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда көмөктөшүүгө чакырышты.

Мындан сырткары өткөн жылы 34 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы катталганы айтылып, бул көйгөйлүү маселелерди чечүүдө көңүл кош мамиле жасабоо керектиги эскертилди.

Ошондой эле видео көзөмөл орнотулбаган билим берүү мекемелерине тез арада көзөмөл камераларды коюу сунушталды. Видео байкоо өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого, орун алган кылмыштардын бетин ачууга жардам берээри айтылды.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости