Видео — азимбек бекназаров топчубек тургуналиевди “мат” кылды

ВИДЕО - Азимбек Бекназаров Топчубек Тургуналиевди “мат” кылды

Кечээ, 11-февралда белгилүү саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров “Мен — кыргызмын” деген аталышта китебинин бет ачаарын өткөрдү. Бет ачаарга кыргыздын аттуу-баштуу саясатчылары катышты. Китептин бет ачаарында

“Ачыгын айтайын, бул парламент менен Өкмөттү жок деп койсок дагы болот. Бир гана президенттин аппараты бар. “Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковдун кейпин кийип калбайлы, ушуларга окшоп камалып калабайлы”, деп Абулгазиевдер иштебейт. Анткени “Атамбаев алар менин айтканымы кылган”, деп айтып жатат, юридикалык жактан анын айтканына карабайт да, кол койдуңбу жоопко өзүң тартыласың. Ошону үчүн азыркы Өкмөт менен парламент иш кылбай турган саясый абал түзүлүп калды”,-деп айтты Азимбек Бекназаров.

Жыйын арасында олтурган жерден үнүн чыгарган Топчубек Тургуналиев Бекназаровго суроо узатты.

—Азике, иш кылбай турган Өкмөткө сен эмнеге кирдиң?

—Мен өкмөттүн кишиси эмесмин. Мен президенттин жарлыгы менен кызматка келдим, өкмөткө такыр тийешем жок. Мен элчимин, элчинин иши өкмөттүн иши эмес деди. Ырас, президент ишеним көрсөтүп атса, кыргызга колумдун келишинче жардам беремин, деди саясатчы жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

Кызыгы, бир нече жылдан бери саясатта келе жаткан Топчубек Тургуналиев элчилик кызмат менен Өкмөттүн ишин белбесе аман эле болсун!

https://www.youtube.com/watch?v=MzRnJyL-ocE

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости